Аналитика
Маанилүү

«Бактыбек Калмаматов айтылуу Жаныбек казынын урпагыбы?»: Кыяс Молдокасымовдун иликтөөсү

Акыркы жумада Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ата-тегине байланыштуу тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун иликтөөсү чыккан. Тарыхчы ал иликтөөлөрдү атайын архивдик материалдардан таап чыгып, коомчулукка жарыя кылган эле. Көп өтпөй коомчулук тарабынан дагы бир белдүү талапкерлердин бири Бактыбек Калмаматовдун ата-тегине кызыккандар көбөйүп, талкууга алына баштады.

Кыргыз элинин белгилүү тарыхчысы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, КРин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Президенттикке талапкер Бактыбек Калмаматовдун өтүнүчү менен анын ата-тегин сүрүштүрүп, санжырасын иликтей баштады.
«Бактыбек сенин өтүнүчүң менен тегиңди тактап берейин деп иликтеп баштасам эле экөөбүздүн эне жагынан тегибиз бир болуп чыкпадыбы кашайып. Сенин чоң энең Буракия мага таэже болуп чыкты. Буракия чоң энеңдин атасы Маматибраим менен менин таятам Жээнбек бир тууган болот экен. Акматбектин уулдары. Ошондо Жээнбектен менин апам Артыкбү, Маматибраимдан сенин чоң энең Буракия. Бир жагынан ошондо бөлө болуп калат экенбиз. Маматибраим согушка кетип кайтпай калган. Менин таятам Жээнбек, сенин чоң таятаң Маматибраимдан апасы Сайкал айтылуу Жаныбек казынын бир тууган карындашы болгон. Эми Тасмадан чыккан 7 атаңа дейре аты-жөнүн, алар кимдер болгонун, кайсыл жерде, болуштукту жашаганын атап берсең, алар тууралуу Ташкенттеги архивден маалыматтарды таап берем, менин жакын бакылдаган бөлөм!»- дейт тарыхчы.
Алгачкы маалыматтар боюнча Бактыбек Калмаматовдун ата-теги айтылуу боз жоргону калмактан уурдап Шырдакбекке апкелип берген Тасма баатырга барып такалат. “Кожо, Тасма – аталаш, Теңизбай, Тасма – баталаш (бир тууган эмес)” деген эл ичинде айтылып келе жаткан сөз бар. Демек, Жээнбековдордун ата-теги тээ Теңизбайга барып такалат. Анда Жээнбековдор менен Бактыбек Калмаматовду байланыштырган тууганчылык мамилелери да ачыкталабы? Иликтөө жыйынтыгы кандай болот, күтө туралы…

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт