ВидеоМыйзам жана укукСаясат
Маанилүү

Бактыбек Калмаматов: 520 000$ пара алды делген министр «Биримдик» партиясына үгүттөп жүрөт

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов "Азаттыктын" "Эскперттер талдайт" берүүсүндө сүйлөп жатып 520 000$ пара алды делген министр "Биримдик" партиясына үгүттөп жүргөнү эске салып, коррупция менен эч кандай күрөш жок экенин айтты.

Эске салмак, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкүртө тилдеген мурдагы Транспорт министри Жамшитбек Калилов «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанды. Ал кызматынан орун басары 500 миң доллар пара сурап кармалып, камакка алынгандан кийин президенттен сөгүү угуп анан кеткен.

Тилекке каршы, күбө катары суралып, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетти. Орун басары өзү билип 500 миң долларды сурап, сиңирип кеткидей башы экөө эмес болчу. Бул жерде акыйкат тергөө жүргөндө балким Калиловдун кулагы көрүнмөк. Коррупция менен күрөш тандоо жолу менен жүрүп жатканы ушундан билинип жатпайбы?

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button