Аналитика

Шайлоо 2020: Анда кимди шайлайбыз? Эмне үчүн баарына каршы?

Беш жылда бир элди дүрбөткөн, ынтымагы менен түн уйкусун бузуп ,береке-кутун качырган шайлоонун шайтан оюндары күчөп турган мезгилдебиз. Башка шайлоолордон айырмаланып мунусунда калың элди топтоп алып жыргатабыз дегенге оорунун күчөшү тоскоолдук жаратты. Анын ордуна интернет майданында түрдүү сүрөт артында жашырынып алган “Гүлчөтайлар согушу” күчөп жатат. Сатылганы деле, сатып алып жатканы деле тоту куштай болуп “Сатылбагыла!” деп сайрай берип, акыры тажатып да бүтүштү. Үтүктү токко сайсаң да, “Сатылба” деп сүйлөп жибереби деп коркосун киши баласы. Макул сатылбайлы дейли, а бирок анда кимди шайлайбыз деген суроо көпчүлүктүн башын чындыгында оорутуп жатат.
Негизи адам баласы кумурска философиясы менен жашаш керек экен. Илгерки бир доорлордо Кудайдын сүйгөн пендесин залым бир падыша отко ыргытат. Аны көргөн кумурска оозуна бир тамчы суу алып, жети күн күйсө токтобос отко чачат. Бул кылыгына айланадагылардын баары таң калышат, байкуш ушунча чоң отту бир тамчы суу менен өчүрөм дейби, майнапсыз эле аракет кылып жатат деп үшкүрүнүшөт. Буга баатыр кумурска: “ Албетте мен бир кичинекей эле кумурскамын, мен алып келген бир тамчы суу менен бул от өчпөшүн силерден да жакшы билемин. Бирок мен баарын өчүрбөсөм да, өзүмө тийиштүү жерин өчүрдүм. Сурак Күнү Жараткандын астында зулумдук менен акыйкат күрөшүп жатканда кайда болгондугумду билдирдим”-деген экен. Биз жыйынтыктан эмес, аракеттен суралган үммөтпүз. Биздин жолубузда эптеп эле маарага жетүү эмес, эрежеге ылайык жетүү маанилүү. Эгер ар бир адам жашоосуну ушул философиянын негизинде алып бара алса, анда чыныгы Кудайдын гана кулу болуп, калган кулчулуктардан абсолюттук деңгээлде кутула алат. Адам Акыйкаттын кулу болбосо, анда жердешчиликтин, уруучулуктун, мансаптын, кызматтын, тууганчылыктын, достуктун, жоролуктун, акчанын, катындын ж.б. толгон токой нерселердин туткунунда калат.
Анча мынча чиймелегенимди окуган инилерим, алтын кеңешин аябаган агаларымдын суранычы менен өз тандоомду мен да жарыялап коюуну туура көрдүм. Бирок муну тандоо дегенге тилим барбай турат, анткени өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу шайлоосу бар, бирок тандоосу жок абалга туш болдук. Албетте ар бир намыстуу шайлоочу адилеттүү бир тарапка добуш бергиси келет, андайды таба албаса салыштырмалуу тазасын издейт, анда да болбосо зыяны эң азын тандайт эмеспи. Бул үч электен өтө турган партияларды бир айдан бери изилдеп, акыр аягы көңүлүмө жаккан, көпчүлүгүнөн айырмаланган партия таптым.
Бул партияны уурулар менен күрөшөбүз деп, жарым лимондун акчасын уурдагандарды тизмеге кошкон позиция түптөгөн эмес. Ошол эле учурда үргөнү гана болбосо, эч качан тиштебеген хоппозиция да түзгөн эмес. Тандалган партия олигархат жана криминалдын кызыкчылыгынын негизинде куралган партия да эмес. Арамы менен адалы аралашкан бай-манаптардын да партиясы эмес. Бийликти жандап барган пысмыктардын да партиясы эмес. Отуз жылдан бери өлкөнүн мыйзамдарын суу бургандай буруп, ойногон да партия эмес. Алдынкы сапка көп кабаттуу үйлөрдүн айванында чоңойгон балдар менен кыздарды сүрөгөн капчыктуулар менен карылуулардын да партиясы эмес. Чет өлкөдө мандикерлик кылгандардын оорусуна дабаа болобуз деп коюп, жең ичинен тизме оңдогондордон эмес. Куру чечендик деген сыйкырдын күчү менен элди арбап алабыз дегендерден дагы эмес. Абактагы досун колдонгондордон эмес. Акылга сыйбас убада берип, “аткандардан” эмес. Кембагалдын үйүнөн кенен болгон ашканада отуруп алып, элди “улуу согушка” чакыргандардан дагы эмес. Эски пашаны сатпай, бириккендерден дагы эмес. Ыйманды бетке карманып, аттангандардан эмес. Өмүрү жүгөрүнү чокко бышырып жебеген,корок кант эмес, жалаң грант менен курсак кампайткандардан дагы эмес. Океңдерге кошулалы деп алжыган чалдардан эмес. Лимон сымал сыгабыз деген жаштардан эмес. Ырааматылык ажыкенин элесин колдонгондордон эмес. Беш себетке бештен жумурткалаган жамааттардан эмес. Акыйкат деп артында чыркырагандарды чанып саткандардан эмес. Убагында очойто жеп, качкандардан эмес. Сайрагандан башкага жарабагандардан эмес. Кызылы менен карасын тейлегендерден эмес. Сабаты араң жоюлгандардан эмес. Сүйүнчү берем деп кайгыга салгандардан эмес. Тымызын Нүсүп болгон аталыктардан эмес. Өлкөнүн боткосун чалгандардан эмес. Апаат күчөгөндө дары сатып байыгандардан эмес. Элди күрөөгө коюп, карыз алгандан эмес. Үч айлап эс алып, айлык алгандардан эмес. Бийликтен түшүп элге жакындагандардан эмес. Байлардын акчасын кайтаргандардан эмес. Эптеп эле бир буту жок менен башка улуттагыларды кошкондордон эмес. Тизмеде эскилерди жашыргандардан эмес.Чоңдорго кулдук уруп, төш белги алгандардан эмес. Жыйырма жылда 6 партия алмашкандардан эмес. Каяша айтканда чапкандардан эмес. Чындыкка чычалап желдеттерге сабаткандардан эмес. Бир-эки жакшыны “витринага” койгондордон эмес. Экстердин уул-кыздарын түрткөндөрдөн дагы эмес. Журналист, ырчысын сатып алгандардан эмес. Дебатка кимди жөнөтсөк дегендерден эмес. Миллиондорго баннер илдирткен ысырапкорлордон дагы эмес. Кечээ эле артынан “бычак” сайып, бүгүн жетелешкендерден эмес. Кудасы бакыйып, эжеси отун терген, атасы бай болгондордон эмес. Бакшы менен ажыны кошо сүрөгөндөрдөн дагы эмес. Мурутун сылап, саткандардан эмес. Жүз адамдын үчөө тандагандардан эмес. Шайлоодо гана жарк эткендерден эмес. Карызды жетиден беребиз дегендерден эмес. Масалани чече албай, талтайгандардан эмес. Эки сөздүн башын бириктире албаган чоркоктордон эмес. Өлкөнү саап ичкен торпоктор эмес. Шопурдан качкан коркоктор эмес. Утулуп чыдабай жол тоскон эмес. Экинчи формага ишенген эмес. Мектептеги эжеке-агайды кишендеген эмес. Өз элин товарга теңеген эмес. Өлкөнүн казынасын кемирген эмес…..Чыныгы элдин камын ойлогон партия!
Ушундай да партия барбы десеңиздер, бар экен, туугандар! Ал партиянын номуру № 17 “Баарына каршы”. Бул партияны колдогон ута албаса да, эч нерсе уттурбайт. Элдин колунда бир гана ушул мүмкүнчүлүк аркылуу эски жемкорлордон кутулуп, толук кандуу люстрация кылууга бир тарыхий шанс берилип жатат. Албетте ар бир он алты партиянын ичинде таза, чынчыл жана мамлекетчил адамдар бар. Бирок биз аларды эмес, партияны шайлап жаткандыгыбызды унутпайлы. Жаштар баратат деген менен, азыркы тизмедеги жаштарды шайлоодо гана көрөбүз. Күбөлүк алып, төшүнө белги тагынган, колуну май баскан жүрөгүнө коюп ант берген баягы эле чимкириктер. Эшегине жараша тушоосу дейт. Эгер эл өкүлү чимкирик болуп жатса, демек аны манка эл тандап жатат да. Чимкирик манка мурундан чыгат эмеспи. Учурдагы партияларды салыштырып отурсаң, бирөө мурундун оң жагынан, бирөө сол жагынан эле чыккан чимкирик. Баары бир чыккан жери бир эле. Он алты башка-башка ат менен чыккан менен, денеси бир, атасы бир, энеси башка. Күндөш катындардай болуп талашкан түр көрсөткөнү менен, эртең эле табышып алыша турган жөнү бар. Элибиз жыйырма жыл ичинде баланча депутат 5-6 партия алмаштырыптыр деп таң калат. А бирок ар бирибиз акыркы үч шайлоодо үч башка партияны шайлаганыбыз менен алардан эмнебиз менен айырмаланабыз. Саткын депутаттан гана эмес, саткын шайлоочудан дагы коркуш керек. Албетте бир күн келип, өлкөбүздө саясий, партиялык маданият өнүгүп, биз дагы партиялардын тизмесине эмес, идеологиясына карап шайлай турчу мезгил келет деп ишенем. Бирок азырынча баарына каршыдан башка жол таба албай койдум. Зыяны эң азын тандайлы десем, баары бирдей зыяндуу болуп жатат.
Негизи шайлоого аз калганда ар бир партияга өзүнчө талдоо жүргүзүп, ар бир партиянын тизмеси, программасы, күчтүү жана алсыз жактарын жазып, анализ кылып берейин дегенмин. Бирок өлкөдөгү акыркы окуялардын өөрчүшү ар бир калыс пикир айткан адамдын жеке өмүрү, бала-чакасынын амандыгын жана тынчтыгын коркунучка такап жатат. Жадагалса эң таза, эң ыймандуу, эң намазкөй, эң принципиалдуу деген партиялар ачуу чындыкты көтөрө албай, артыңдан кылмышкерлерди салып жатканда, керегем сага айтам, келиним сен ук дегенден башкага жарабай жатамын. Бизде да тууган-урук, үй бүлө, арзыбаган жумуш, кылдыраган тиричилик, бир төөгө жүк болчу оокатыбыз бар. Түшүнүү менен кабыл алыңыздар демекчимин. Элдер сен жаман кыйынсын да, акыйкатты жакшы айтасын деп жарга такаган сайын ал аскадан секире берсек акылга сыйбайт го. Сени окуп, араң лайк баскан коомчулук эртең башыңа кара булут келсе, кылчайып да карап койбойт. Бул сөзүм акыйкат сүйүүчүлөрдүн кулагына күмүш сырга болсун.
Эгер чындыгында өзгөрүүнү кааласаң, жаз келбей туруп гүлүңдү ачпа, анткени кыштын ызгаарында тоңуп өлөсүн. Чыда, сабыр эт, эмгектен, аракет кыл, мыкты уул, мыкты кыз, кесипкөй кызматкер,мекенчил жаран, татыктуу жар, сүйүктүү ата-эне, адилеттүү башкарма, даанышман устат, зирек шакирт бол. Өзгөрүү өйдөдөн ылдыйга карай эмес, ар дайым ылдыйдан өйдөгө карай болоорун унутпа. Жадагалса өсүмдүктөр да ылдыйдан өйдөнү карай умтулат.
Урматтуу “Замандаш”,”Ата мекенибиз” болгон “Кыргызстандын” жаркын келечеги үчүн, ”Бүтүн Кыргызстан” үчүн, “Мекенчилдикти”, “Биримдикти”,”Мекен Ынтымагын” жүрөгүбүздө туу тутуп, таңкы багымдат намазынын “Ыйман нуру” менен нурланып, үй бүлөбүз менен “Бир болуп”, куттуу “Ордобуздан” катталган участокко жол тартып, келе жаткан “Республика” аймагында болуп өтчү шайлоо күнү реалдуу “Реформалар” ишке ашуусу жана шайлоодон кийин ар бир партия “Чоң казатка” чыгып, өлкөбүз “Афганистанга” айланып кетпеши үчүн добуш берели!
Намаздан, орозодон, зекеттен кандай сурак болсо, тандоодон да сурак болоорун унутпаңыз. Ар ким Кыямат күнү тандагандары менен, сүйгөндөрү менен бирге болот. Добуш бербей, шайлоого катышпай койгон жаран, бул коомдогу абалдан суралат.

Урматым менен

Нуриет Абдулазиз (Nuriet Abdulaziz)
Толугу менен
Back to top button