КоомОкуялар

“Баарыбыз мусулманбыз!” Интернет жылдызы Бекболот окуя тууралуу айтып берди

Социалдык тармактарда “Телефонго тартпаңыз байке! Бул жакта баарыбыз мусулмандарбыз” деген балакайдын видеосу популярдуу болуп жаткан учуру. Дал ошол видеодогу каарман Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылынын тургуну Бекболоттун атасы Чолпонбек мырза менен байланышка чыктык:

“Жаңы эле бул окуя боюнча жыйналыштан чыктым. Жаш балдарды видеого тартып алган адам биз жакта жашабайт экен. Видеодогу 4 окуучунун ата-энесин “Ал адамдын үстүнө арыз жазсаңар болот” дегендей кылды. Бирок, мен “жазбай эле коёлу” дедим.

Уулум Бекболот 2012-жылы төрөлгөн. 3 жашка чыкканда апасы оорудан улам каза болгон. Мен негизи аз сүйлөйм. Апасы тамашакөй адам эле. Балам апасын тартса керек.

Учурда экөөбүз жашайбыз. Мен намаз окугандыктан “биз мусулманбыз, тартпаңыз” десе керек. Өзү дагы намаз окуйт. Ал эми мектепте мугалимдер жакшы окуйт дешти”,- дейт балакайдын атасы.

Ал эми Бекболот сөз болуп жаткан видео тууралуу айтып берди:

“4 бала турсак эле бир байке келип сүрөткө, видеого тартып, Интернетке жөнөтүп салыптыр.

Тартып жатканда “Байке тартпаңыз, баарыбыз мусулманбыз” дедим. Интернетке чыгарып жибергенине капа деле болгон жокмун.

Мектепте жакшы окуйм. Бирок, жазганым жакшы эмес. “Девушкамдын” аты Аэлита. «Параллель» класста окуйт. Анын жазганы сулуу, бирок, окуганы жакшы эмес.

Ал эми намазды бирөөлөрдүн окуганын көрүп эле үйрөнүп алдым.

Дагы мени жакшы көргөн байкем мага уюлдук телефон белек кылган”,- дейт Интернет жылдызы.

Булак
"Барс Медиа"
Толугу менен
Back to top button