Аналитика
Маанилүү

«Бүтүн Кыргызстан» соттон утуп чыгат жана шайлоого катышат…

Учурдагы бийликке оппозициячыл партияны каттабоо боюнча БШКнын акыркы чечими канчалык негиздүү?

Борбордук шайлоо комисссиясы 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Буга партия ичиндеги карама-каршылык, курултай өткөрүүдө эреже бузганы себеп катары айтылды. Бирок партия мындай чечим бийликтин атайын кийлигишүүсү менен кабыл алынганын айтып, нааразычылыгын билдирип, БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп, сотко берген.

Сот арызды 7-сентябрда кечке жуук карай баштаган жана ал үч саатка созулган. Бул аралыкта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, сот акыйкаттыгын талап кылып турушту. Бирок ал күнү сот чечим кабыл алган эмес жана ишти кароону 9-сентябрга жылдырган. Бүгүн Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген доо арызын каралууда.

Учурдагы бийликке оппозициячыл партияны каттабоо боюнча БШКнын акыркы чечими канчалык негиздүү?

БШК бийлик тарабынан буйрук алып, «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон атайын чететкен болушу мүмкүн. Сот аркылуу БШКнын чечимин негиздүү деп таап, кайра парламенттик шайлоого катышууга уруксат бере турган болсо, бул бийликтин, БШКнын жана соттордун адилеттүү экенине элди ишендирүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет. Буга чейин ушуга окшогон оюнду башка ыкма менен «Кыргызстан» партиясына да колдонушкан. Бул жолу «Бүтүн Кыргызстан» партиясына да бул ыкманы колдонуп жатат.

Кыскасы, «Бүтүн Кыргызстан» соттон утуп чыгат жана шайлоого катышат…

 

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт