ОкуяларПрезидент

Бүгүн коронавирус инфекциясынан каза тапкан жарандар эскерилет.

◼️Бүгүн, 2020-жылдын 30-июлунда, республиканын жалпы аймагында КР Президенти С. Жээнбековдун Жарлыгынын негизинде COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза тапкан жарандар эскерилет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемияга жеткени тууралуу жарыялаган мезгилден бери Кыргызстан эли дүйнө менен бирге капыстан келген илдетке туш болуп, оор күндөрдү баштан кечирип жатат.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып, бул оор илдеттен миңден ашык адам каза тапты. Бул биздин эл үчүн оор жоготуу болду. Каза болгондордун жаркын элеси дайыма эсибизде сакталат.

Улуттук аза күтүү күнүндө Кыргызстандын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлүп, каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өтөт. Жарлыктын негизинде маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталды.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button