КоомОкуялар
Маанилүү

Бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында “Баарына каршы” акциясы өтөт

Кыргызстанда “Баарына каршы” коомдук кыймылы түзүлдү. Анын мүчөлөрү шайлоочуларды алдыдагы парламенттик шайлоодо бир дагы партияга добуш бербөөгө үгүттөөгө ниеттенүүдө.

Кыймылды Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев жетектеген. Өткөн ишембиде демилгечи топ “олигархтар менен коррупционерлердин мыйзам чыгаруу бутагына киришине жол бербөө” үчүн баарына каршы добуш берүүнүн маанилүүлүгүн талкуулады. Бул үчүн, алардын ою боюнча, алдыдагы шайлоону үзгүлтүккө учуратуу керек, ошондо чыныгы элдик, таза партия мүчөлөрү парламентке келе алышат.

Бүгүн, 23-сентябрда борбор калаанын Ала-Тоо аянтында бардык партияларга каршы добуш берүү чакырыгы менен митинг өтөөрү белгилүү болду. Мыйзамдарга ылайык, парламенттик шайлоого катышкан партиялар кайрадан шайлоого катыша алышат.

«Баарына каршы» добуш берүү. Кимге пайда?

  1. Жалпы шайлоого катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган партиянын добушунан «баарына каршы» добуш бергендердин саны көп болсо шайлоо өтпөй калды деп эсептелип БШК тарабынан кайра шайлоо дайындалат.
  2. Кайра шайлоодо азыркы катышып баарына каршы добуш алган партиялардын тизмесиндегилердин бирөө дагы жана лидери да катышууга укугу жок.
  3. Эми кээ бирөөлөр баарына каршы добуш бергенде эмне эмне өзгөрмөк эле дейт. Демейде тазаланышыбыз керек, люстрация кылышыбыз керек деп жалпы коомчулукта көпчүлүгү эле айтып келет, азыркы шайлоо люстрация кылууга, тазаланууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүк болуп жатат. Баарына каршы добуш берип бир сыйра тазаланып алышыбыз керек. Ошол мезгилде бийлик кайра эле келе албайт дейсиңби кайра эле башка партиялар менен чыгат да деген суроо туулат, туура бийлик кайра эле башка партиялар менен, башка адамдар менен чыгат, бирок бийлик элге, шайлоочуларга болгон мамилесин толук өзгөртөт. Эл алданбай калыптыр, сатылбай калыптыр, керек болсо баарына каршы добуш берип коёт экен деген түшүнүк, аң сезим орнойт.
  4. Мен баарына каршы десем эле кээ бирөөлөр ойлоп жатат баардык партияларды эле жарабайт деп жатат деп. Жоок андай эмес, таза партиялар, эл үчүн иштейли деген ниети барлар деле бар, бирок тилекке каршы ал партиялар тийиштүү добуш ала албайт. Мен «Ата-Мекенди» колдоюн, дагы бири «Мекен Ынтымагын» колдосун, бирөө «Чоң Казатын» колдосун, бирөө «Реформа» деп жүрсө андан жыйынтык чыкпайт.
  5. Кырдаалды карап, анализ жүргүзүп анан колдошубуз керек колдой турган партияны. Биз бөлүнүп, чачырап ар кайсы партияны колдоп жүрүп тийиштүү добуш ала албайбыз, эң алдыңкы кыйын дегенибиз балким алса 5-10 мандат алышы мүмкүн. Максат 5-10 мандат алуу эмес да. Бөлүнүп чачырап ар ким өзүбүздүн партиябыз өтүп кетет дей берип бата алган партияларды гана өтүүсүнө шарт түзүп беребиз.

«Ошондуктан чыны менен өлкөнү ойлосок, эртеңки келечектин жарык болушун ойлосок, элдин жыргалчылыгын ойлосок жалпы жапа тырмак «баарына каршы» добуш берип бир сыйра тазаланалы. «Баарына каршы добуш берүү элдик блогуна» бириккиле!» — деген пикирлер айтылып жатат.

Бирок мындай пикирди туура эмес деп эсептегендер дагы бар. Анткени бийликтин партияларына, анын жүргүзүп жаткан саясатына каршы пикирди билдирүү менен Жогорку Кеңешке аттанган партияларга каршы добуш берүүнү айкалыштырбаш керек. Мындай пикирди политолог, саясат таануучу Азим Азимов «Марал радиосуна» билдирген.

Анын айтымында, бийликтин партиялары добуш сатып алып, административдик ресурстарды колдонуп парламентке келишет. Ошондуктан, добушун саткандар сата берет, коркуп шайлагандар шайлай берет, ал эми   бийликтин саясатына каршы пикирдеги шайлоочулар «баарына каршы» добуш берип, татыксыз партиялардын Жогорку Кеңешке өтүүсүнө, алардын көп мандат алуусуна жол ачат.

 Баарына каршы добуш берүү менен жарандар бийликтин жана ага жакын болгон партиялардын парламентке көбүрөөк мандат менен келүүсүнө шарт түзөт. Анткени, «баарына каршы» дегенди көбүнчө бийликти колдобогон жарандар тандайт. Бийликке кандайдыр бир «сигнал» берүү үчүн баарына каршы добуш берип эмес, бийликчил партияларга эң аз добуш берүү менен жеткиришибиз керек, — дейт Азимов.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, «Баарына каршы» добуш берген жарандар көпчүлүктү түзүп, биринчи орунду алса, шайлоо жокко чыгарылат жана кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Бирок партиялардын кайрадан шайлоого катышуу укугу тууралуу мыйзамда так айтылган эмес.

Анткен менен, «баарына каршы» добушу жеңип чыккандан кийин катышкан партиялар кийинки шайлоого катышуусуна моралдык укугу жок болуп калат. Мындай пикирин Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматов билдирди:

Мыйзам боюнча бул тандоо шайлоочунун өзүнүн укугу. Эгерде «баарына каршы» биринчи орунду алып, жеңип чыкса, анда шайлоо башынан өтөт. Бирок ошондо ушул эле партиялар кайра эле катышабы, же жокпу бул чоң суроо. Бирок биринчисинен өтпөй калган партиялар экинчи жолу катышууга моралдык укугу жок, — дейт Абдрахматова.

Буга чейинки акыркы шайлоолорго көз чаптыра турган болсок, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 12 500 шайлоочу баарына каршы добуш берсе, 2017-жылкы президенттик шайлоодо 13 талапкердин ичинен 12 300 добуш менен 4-орунга чыккан.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button