Коом

Азимбек Бекназаровдун «Мен кыргызмын» аттуу китебинин I-бөлүмүн бет ачары жүрүүдө.

Бекназаровдун “Мен кыргызмын” аттуу үчилтигинин II жана III китептери мурда жарык көргөн. Бүгүн … I китебинин бет ачары жүрүүдө.

Белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, Кыргыздын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун «Мен кыргызмын» аттуу үчилтигинин II жана III китептери мурда жарык көргөн. Бүгүн шаардын мейманканаларынын биринде ошол үчилтиктин I китебинин бет ачары жүрүүдө. Аталган китептин 1-бөлүгү «Бакиевдин доору» деп аталса, 2-бөлүгү «Атамбаевдин доору» деп аталат.

Ачылышта сөз сүйлөгөн Бекназаров:

Мен жазуучу эмесмин, тарыхчы да эмесмин, мен болгону – бир кыргызмын. Кыргызстандын саясатында жүрүп, бардыгын өзүм көрүп жүрөм. Анан маалымат каражаттарында, аүрым китептерде жазылгандарды карасаң, көбү бурмаланып жүрөт. Ошондуктан тарыхка так маалымат калышы үчүн, чиймелеп жүрөм” деп сөзүн баштады.

Эске салсак, аталган китеп Кыргызстандын соңку саясый-экономикалык турмушундагы көшөгө артында болгон көмүскө ыйкы-тыйкыларды коомчулукка кеңири чагылдырып берген.

 

Толугу менен
Back to top button