ВидеоСаясат

Ахматбек Келдибеков: “Мен Текебаев менен чабышам. Өмүр бою чабышкам, чабыша берем”

Фейсбукта 21-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери, мурдагы спикер Ахматбек Келдибековдун агитациялык жолугушуу маалында тургундардын бирин «кекеткен» видеосу тарады. Алдын ала маалыматтар боюнча окуя Ош облусунун Алай районунда болгон.

Тасмада Келдибековго тургундардын бири «Ошондо мен 9-класста элем, депутат болгондон бери эмне кылдыңыз» деген суроо узатат. Буга ал «8 жылдан бери Атамбаев, Текебаев менен чабышып жүрдүм» деп жооп берген.

Андан кийин ошол эле тургун «эми Жанар Акаев менен чабышасыз» деп комментарий берген. Келдиков ачуусу келип «Жанар үкам болот, мен Текебаев менен чабышам. Өмүр бою чабышкам, чабыша берем» деген.

«Үкам нормальный сүйлөш. Мен сага окшогон алайлыкмын. Көп күпүлдөбөгүн бала, менин жиниме тийбегин. Сага окшогон кыйындарды до фига урганмын. Өчүр телефонуңду», — деп талапкер видеого тартууну өчүрүүнү суранган.

Жергиликтүүлөрдүн бири «видеого тарта бер» деп, Келдибековго эмнеге коркутуп жатканын айткан. Анда талапкер «тууганча сүйлөшөлү деп жатпаймынбы» деп видеого тартып жаткан киши тарапка басып келип аны өчүргөн.

Учурда экс-спикер партиялаштары менен аймактарды кыдырып, үгүт жолугушууларга катышууда. Келдибековдун фейсбук баракчасында видеодогу кийим-кечеги менен тартылган бир нече сүрөттөрү да бар. Ошондой эле тасмада партиянын логотиби түшүрүлгөн баннер жана кепка менен желетканы да байкоого болот.

Келдибеков шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы менен баратат. Бул партияны мурдагы бажы кызматкери, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимов менен байланыштырышат.

Матраимов Келдибековдун уулунун өкүл атасы. Ал журналисттерге берген интервьюсунда буга «сыймыктанаарын» айткан. Ошондой эле Матраимовду коррупционер деп аташканы менен «укук коргоо органдары муну далилдей элек» деген.

Бул парламенттик шайлоодо депутат Жанар Акаев «Ата-Мекен» партиясын баштап баратат. Аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоого катышпай турганын, «жаштарга жол бошотуш керектигин» билдирген.

Келдибековдун саясий карьерасы

Ахматбек Келдибеков ар кайсы убакта ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеген. Аскар Акаевдин президенттиги учурунда ал Социалдык фондду жетектеп турган. Өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турганда ал салык кызматын жетектеген.

Келдибеков 2010-жылы декабрда Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланып, бул кызматта 2011-жылдын декабрына чейин иштеген. Ал эми 2017-жылы ал президенттик кызматка да талапкерлигин коюп, бирок соттолгондугу жоюла электигинен шайлоо өнөктүгүнө катыша албай калган.

Булак
"Kloop"
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button