Дүйнө
Маанилүү

Австралиядагы мечитке белгисиз жаран кол салып, буюмдарды талкалап кетти (СҮРӨТ)

Австралиянын Сидней шаарындагы Оберн Гелиболу  мечити белгисиз жаран тарабынан кол салууга учурады.

Түркия Дин иштери боюнча башкармалыгына караштуу делген Гелиболу түрк ислам маданий борборунун карамагындагы Оберн Гелиболу мечитине кирген эркек киши мечиттин үстүнкү кабатындагы люстраларды, терезелердин айнектерин, плазмалык телевизор жана башка буюмдарды талкалап, миңдеген долларлык материалдык чыгымга учураткан.

Кол салуу учурун видеобайкоо аркылуу күбө болгондор мобилдик телефонуна тартып калганга жетишкен жана бул боюнча дароо полицияга кабар беришкен.

Полиция бул кылмышка тийешеси бар жаранды кармаганын, бирок бул иштин артында ким турганын азырынча айта элек.

Эске салсак, былтыр Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке куралдуу кол салуу болуп, кеминде 40 киши каза болгону айтылган.

Толугу менен
Back to top button