Саясат
Маанилүү

Атамбаев: Садыр Жапаровго убада берген Жээнбеков отставкага кетиши керек

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго убада бергендей тез арада отставкага кетиш керек. Мындай билдирүүнү бүгүн, 12-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жасады.

https://www.facebook.com/almazbek.atambaev/posts/3436182209777045

Анын айтымында, Жээнбеков элдин арасында популярдуу болгон Садыр Жапаровдун ишеничине кирип алган.

«Садыр Жапаров Жээнбековдун колдоосу менен 10-октябрда премьер-министр болуп дайындалды. Жээнбеков өзүнүн позицияларын бекемдеп алгандан кийин жаш жана ишенчээк Садыр Жапаровду сатып кетет», — деп жазган Атамбаев.

Ал «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары шайлоодо 100 депутаттык мандатты басып алганын, бирок эл аны менен макул болбогонун айтты.

Атамбаев бийлик күч структуралары, прокуратур жана соттордун жардамы менен парламенттик шайлоодо кайрадан көпчүлүк мандатты ээлеп аларын айтты.

«Ошол учурда башка партиялар, тизмелерде башка фамилиялар болот. Андан кийин жаңы Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнө керек болгон премьер-министрди тандап алат», — деп жазган Атамбаев.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт