БийликПартияларСаясат
Маанилүү

«Ата Мекен» партиясы: Пикир үчүн, ой үчүн, сөз үчүн куугунтуктоолор токтотулуш керек!

"Ата Мекен" партиясы активисттердин кармалышы боюнча тынчсыздануу билдирген расмий кат чыгарды.

Кыргызстандын улуттук идеологиясынын негизин эл бийлиги деген түшүнүк түзөт. Мамлекеттик бийлик, анын кызмат адамдары эл үчүн, карапайым адам үчүн иштеш керек. Эл бийлигинин кепилдигинин бирден-бир жолу – бул реалдуу саясий конкуренцияны жана сөз эркиндигин камсыз кылуу. Өлкөдө реалдуу саясий конкуренция, сөз эркиндиги болсо, бийликтин табияты өзгөрөт. Бийлик карапайым калктын пикиринен көз каранды болот.

Ошентип, Кыргызстанда реалдуу элдик көзөмөл орнойт. Эл коомдук пикир аркылуу, таза адилеттүү шайлоолор аркылуу бийликти көзөмөлдөйт. Зарыл болгон учурда алмаштырып турат. 2020-жылдын октябрындагы элдик көтөрүлүш да так ушул элдик бийлик принцибине төбөлдөр каршы чыккандыгына, Жээнбековдун тобунун элдик бийликти узурпациялап, менчиктеп алуу аракетине жооп катары болду. Биз андан сабак алышыбыз керек. Системаны өзгөртүшүбүз керек.

Бирок, акыркы күндөрү тигил же бул митингдерде, коомдук иш-чараларда, маалымат каражаттарында айтылган сөздөр, жарыяланган позияциялар үчүн күч органдары тарабынан граждандык активисттерге кысым көргөзүлүп, куугунтукталып, кармалып, камалып жаткан учурлар кездешип жатат. Бул биз жарыялаган, биз тутунган принциптерге каршы келет. Кабыл алынып жаткан Конституцияга каршы пикир айткан, “Жетим-Тоо темир кенин Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеш керек” деп күрөшкөн Тилекмат Куренов ж.б. граждандык активисттерге ар кандай катаал куугунтуктар, кысымдар болуп жатат.

Уюушулган кылмыш чөйрөсүнүн адамдары түрмөдөн чыгып жаткан кезде, жарандык активисттерге мындай катаал мамиле коомдо терс кабыл алынууда. Бул аракеттер бүгүнкү бийлик жарыялаган курска элдин ишенимин төмөндөтөт. Жалпы эле биз каалаган демократиялык өнүккөн, адам укугун баалаган, бакубат Кыргызстанды курганга залакасын тийгизет.

Пикир үчүн, ой үчүн, сөз үчүн куугунтуктоолор токтотулуш керек!
«Ата Мекен» партиясы

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт