Саясат
Маанилүү

Асылбек Жээнбеков: Партия түзбөйм жана жетектебейм

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков «Азия Ньюс» гезитине курган маегинде “партия түзбөйм жана эч кандай партияны жетектебейм” деп билдирген.

Депутаттын маегин «Мedia Сenter» сайты жарыялады.


— Асылбек Шарипович, бир тууган агаңыз Кыргыз Республикасынын Президенти болгону прессага чыгуу эмес, парламенттин жыйынында да көп сүйлөбөй калдыңыз. Мунун себеби неде?

— Агабыз мамлекетти жетектегенден кийин чоң жоопкерчилик мойнуңа жүктөлгөнүн сезет экенсиң. Биздин ар бир сүйлөгөн сөзүбүз, кыймыл-аракетибиз коомчулуктун көңүл борборунда турат. Мындан улам, жүрүм-турумубузду мурдагыдан дагы катуу көзөмөлдөп, кандайдыр бир деңгээлде өзүбүзгө чектөө киргизип калдык.

— Демек, саясаттан убактылуу четтеген турбайсызбы?

— Жок. Эл өкүлү катары мыйзам чыгаруучулук милдетимди аткарып, профилдик комитеттин жыйындарына активдүү катышып, шайлоочулар менен тыгыз иштешип жатам.

— Маалымат каражаттары, көзкарандысыз эксперттер сизди бийликтеги негизги чечүүчү фигура катары сыпатташат. Мындай божомолдордо жан бардай. Парламенттин эки чакырылышында төрагалыкты аркалап, кезинде башкы оюнчулардын бири болуп келген тажрыйбалуу саясатчынын президенттин чечимдерине таасири тийсе керек?

— Буга чейинки президенттердин үй-бүлөсү, бир туугандары жана жакындары тууралуу ар кандай кептер айтылып келген. Алардын тагдыры бизге чоң сабак. Сооронбай Шарипович үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгы, тарых алдындагы, эл алдындагы жоопкерчилиги баарынан жогору турарын билем.

— Жогорку Кеңештин эки чакырылышында төрагалык милдетти жакшы өтөдүңүз. Кантип эле агаңызга кеп-кеңешиңизди айтпайсыз?

— Мага чейин да, менден кийин дагы парламенттин жетекчилери болгон. Кимибиз кандай иштегенибизге эл тараза, тарых баасын берет. Учурда катардагы депутаттардын биримин. Дагы бир жолу кайталайм, биздин тарбиябыз, мүнөзүбүз, принцибибиз бири-бирибиздин ишибизге кийлигишүүгө жол бербейт. Ошондуктан, президенттин чечимдерине эч ким таасирин тийгизе албайт.

— Мурдагы өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары сизди “депутаттык мандатын тапшырсын” деген талапты коюшкан эле. Буга 2017-жылдагы президенттик шайлоонун астындагы “макулдашууну” негиз кылышкан. Ушул маселеге кеңири токтолсок. Ошол кезде, балким, коомчулукка ачык жарыяланбаган “келишим” болгондур?

— Негизи бул боюнча абдан көп сөз болду. Буга чейин Алмазбек Шаршенович тууралуу бир да жаман сүйлөгөн эмесмин. Бирок, сиз көтөргөн маселе боюнча жумшак айтканда – карандай калп.

2016-жылы спикерликти өткөрүп бергенден кийин Атамбаев өзү 3 жолу чакырып Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгын сунуштаган. Мен 3 жолу тең баш тарткам. Анткени, өкмөттүн жылдык отчету алгач ушул комитетте каралат. Агам премьер-министр болсо андан кантип отчет алам? Эң акыркы жолу Атамбаев менен 2016-жылдын август айында жолуккам. Ошондон кийин Алмазбек Шаршенович менен да, анын өкүлдөрү менен да көрүшкөн эмесмин. Президенттик шайлоо 2017-жылы күзүндө өтүп жатса, мандат тууралуу убаданы бир жыл мурда кантип бермек элем?

— Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот өкүмү чыкты. Анда айыпталуучулардын адвокаты: “Экс-спикер катары Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги дагы каралышы абзел”, — деп талап койгон. Бишкек ЖЭБи сындуу ири долбоорлордо парламенттин жана жеке өзүңүздүн ролуңузду кандай баалайсыз?

— Мен өз оюмду Бишкек ЖЭБине байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште каралып жатканда кеңири, ачык айткам.  Мага чейин спикер болгондор, ошол мезгилде тиешелүү комитетти жетектегендер, депутаттар да бул боюнча пикирлерин билдиришкен. Жогорку Кеңештин төрагасы маселени жалгыз өзү чечпейт,  модератордун гана милдетин аткарат. Ал башка депутаттар сыяктуу жападан жалгыз добушка ээ. Кандай гана мыйзам долбоору болбосун, алгач парламенттин профилдик комитеттеринде жактырылып, андан кийин палатага чыгат. Парламент коллегиалдуу орган болгондуктан көпчүлүктүн добушу менен чечилет.

Каныбек Капашович айткандай, Бишкек ЖЭБин курган компаниянын жетекчилиги менен ошогезде мамлекетти башкарып тургандар 3 жолу, ошол маселени чечүүгө түздөн түз катышкандар 18 ирет жолукса  күнөөлүү эмес, кытайлык компаниянын башчылары менен жолукпай, өз милдетин мыйзам чегинде аткарган Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп чыга келеби? Бул акылга сыйбайт!

— Маалымат каражаттарынын бири сиздин иш бөлмөңүз өтө чоң аянтта жайгашканы тууралуу репортажын чагылдырган. Жанатан бери карасам, иш ордуңуз көпчүлүк депутаттардын иш бөлмөсүндөй эле экен. Төрагалыктан кеткенден кийин бул кабинетке кантип отуруп калдыңыз?

— (күлдү). Мен спикерликтен кеткен соң ошол кездеги фракциянын  лидери Чыныбай Турсунбековдун кабинетине жайгашууну Атамбаев өзү сунуштаган. Кабинет өтө чоң, бардык шарттары менен болчу. Ошого карабастан, сунуштан баш тарткам.

Азыркы иш бөлмөм өзүңүз байкагандай, өтө чоң эмес, кичинекей да эмес. Эмеректер мурдагылар эле, жаңысы жок.

— “Асылбек Шариповичтин Бишкекте 3-4 офиси бар экен, ал кадр маселелерин ошол жактан чечет турбайбы?” деген да суроолор жаралды эле. Буга не дейсиз?

— Бул дагы негизсиз.  Менин Ак үйдө бир гана депутаттык кабинетим бар.

— Айрым маалымат каражаттары “Асылбек Жээнбеков мамлекеттик маанилүү маселелерге, кадрдык дайындоолорго аралашып, “серый кардиналга” айланыптыр. Жогорку Кеңешти көмүскөдө башкарып жатат. Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу орноду” таризинде коңгуроо кагып жиберишкен. Ал эми акыркы мезгилде негедир сизге байланышкан кеп-сөздөр азайганын байкадым. Ушул жерден ачык сурайын: шайлоого катышасызбы? Эгер катышсаңыз, кайсы партия менен барасыз?   

— Жогоруда кеңири токтолгонумдай, биз тууралуу ушактар, жалган жалаалар көп жүрдү. «Калптын өмүрү кыска» демекчи, убакыттын өтүшү менен алардын баары чындыкка коошпой турганы ашкереленди. Эми “Асылбек Жээнбеков жаңы партия түзүп жатыптыр. Аны жетектеп парламенттик шайлоого катышат экен” деген сөз тараптыр. Ушул жерден так кесе белгилеп кетейин: партия түзбөйм жана эч кандай партияны жетектебейм!

Парламенттик шайлоонун өтөрүнө дагы убакыт бар. Бүгүнкү күндө эл өкүлчүлүк милдетимди так аткарышым зарыл, а калганы Кудайдын буюрганындай болот…

— “Бирөөнүн чөнтөгүн санаба” дейт. Ошентсе да, сизден ушул суроомо жооп уккум келди. Чоң саясатка ишкерликтен келгенсиз. Мурдагыга караганда байыдыңызбы?

— Кызык суроо экен (күлдү). Депутат болгондон кийин алгачкы ирет 2007-2008-жылга карата декларация толтургам. Ошондон бери мүлктөрүм көбөйгөн жок, тескерисинче, азайды. Кудайга шүгүр, өзүбүзгө жетишерлик оокатыбыз бар. “Барга көппөй, жокко чөкпөй” каниет кылып жашаганды билебиз.

— Сооронбай Шарипович менен күн сайын эле байланышат чыгарсыз? Эгер сыр болбосо кандай темада көбүрөөк сүйлөшөсүздөр?

— Президенттин жумушу өтө көп. Ал киши менен майрамдарда, үй-бүлөлүк карым-катыштарда гана кездешебиз. Андайда Сооронбай Шарипович менен  жай турмуштун тегерегинде баарлашып, саясат, жумуш тууралуу кеп козгобогонго баарыбыз аракет кылабыз. Тилекке каршы, ишине байланыштуу көпчүлүк учурда катыша албай да калат.


Асылбек Жээнбеков 2007-2019-жылдары Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан Социал-демократиялык (КСДП) саясий партиясынын, саясий кеңешинин мүчөсү болгон. Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи чакырылышынын депутаты. 2011-2016-жылдары парламент төрагасы болуп туруп, агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгондо кызматын өткөрүп берген.

КСДПнын катарынан 2019-жылдын апрелинде чыгып, аны партиянын ичиндеги интригаларга аралашпоо максаты менен түшүндүргөн. 2018-жылы “Атамбаевсиз КСДП” саясий кыймылы түзүлүп, анын лидери Сагынбек Абдырахманов башкаруучу партиянын фракциясындагы айрым депутаттардан колдоо тапканын билдирип чыккан. Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөлөрү “партияны тартып алууга аракет кылууда” деп расмий бийликти айыптаган.

Башкаруучу партиянын ыдыроо жараяны мурдагы жана жаңы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы саясий күрөш жүрүп жаткан учурга туш келген.

КоронаLIVE
  • USA 1,901,783
    USA
    Жуктургандар: 1,901,783
    Ооруп жаткандар: 1,103,971
    Айыккандар: 688,670
    Каза тапкандар: 109,142
  • Brazil 584,562
    Brazil
    Жуктургандар: 584,562
    Ооруп жаткандар: 285,862
    Айыккандар: 266,132
    Каза тапкандар: 32,568
  • Russia 432,277
    Russia
    Жуктургандар: 432,277
    Ооруп жаткандар: 231,105
    Айыккандар: 195,957
    Каза тапкандар: 5,215
  • Spain 287,406
    Spain
    Жуктургандар: 287,406
    Ооруп жаткандар: 260,278
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 27,128
  • UK 279,856
    UK
    Жуктургандар: 279,856
    Ооруп жаткандар: 240,128
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 39,728
  • Italy 233,836
    Italy
    Жуктургандар: 233,836
    Ооруп жаткандар: 39,297
    Айыккандар: 160,938
    Каза тапкандар: 33,601
  • India 216,919
    India
    Жуктургандар: 216,919
    Ооруп жаткандар: 106,737
    Айыккандар: 104,107
    Каза тапкандар: 6,075
  • Germany 184,425
    Germany
    Жуктургандар: 184,425
    Ооруп жаткандар: 7,926
    Айыккандар: 167,800
    Каза тапкандар: 8,699
  • Peru 178,914
    Peru
    Жуктургандар: 178,914
    Ооруп жаткандар: 101,701
    Айыккандар: 72,319
    Каза тапкандар: 4,894
  • Turkey 166,422
    Turkey
    Жуктургандар: 166,422
    Ооруп жаткандар: 30,961
    Айыккандар: 130,852
    Каза тапкандар: 4,609
  • Iran 160,696
    Iran
    Жуктургандар: 160,696
    Ооруп жаткандар: 27,478
    Айыккандар: 125,206
    Каза тапкандар: 8,012
  • France 151,677
    France
    Жуктургандар: 151,677
    Ооруп жаткандар: 53,201
    Айыккандар: 69,455
    Каза тапкандар: 29,021
  • Chile 113,628
    Chile
    Жуктургандар: 113,628
    Ооруп жаткандар: 21,605
    Айыккандар: 90,748
    Каза тапкандар: 1,275
  • Saudi Arabia 91,182
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 91,182
    Ооруп жаткандар: 22,444
    Айыккандар: 68,159
    Каза тапкандар: 579
  • China 83,022
    China
    Жуктургандар: 83,022
    Ооруп жаткандар: 69
    Айыккандар: 78,319
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 17,891
    Afghanistan
    Жуктургандар: 17,891
    Ооруп жаткандар: 16,051
    Айыккандар: 1,541
    Каза тапкандар: 299
  • Kazakhstan 12,067
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 12,067
    Ооруп жаткандар: 5,779
    Айыккандар: 6,240
    Каза тапкандар: 48
  • Tajikistan 4,191
    Tajikistan
    Жуктургандар: 4,191
    Ооруп жаткандар: 1,796
    Айыккандар: 2,347
    Каза тапкандар: 48
  • Uzbekistan 3,874
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 3,874
    Ооруп жаткандар: 844
    Айыккандар: 3,014
    Каза тапкандар: 16
  • Kyrgyzstan 1,899
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,899
    Ооруп жаткандар: 587
    Айыккандар: 1,292
    Каза тапкандар: 20
Булак
media-center.kg
Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close