Маданият
Маанилүү

Асель Кадырбекова Нурлан Насип менен ажырашканын тастыктады

Белгилүү ырчы түгөйлөр Асель Кадырбекова менен Нурлан Насип ажырашып кетти. Бул маалыматты ырчы айым өзү Instagram баракчасы аркылуу суроого жооп берип жатып тастыктады.

«Чын! Официальндуу ажыраша элекпиз. Бирок чоогу жашабайбыз. Өзүмү толук келип, көзүм көрүп баштаганда расмий ажырашам.», — деп жазган Асел Кадырбекова.

Эске сала кетсек, Асел Кадырбекова 26-июнь күнү саат 15:30 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон кырсыктан жабыркаган. Кырсыктын кесепетинен үч адам жаракат алды.

Кийинчерээк Нурлан Насип кырсыктын күнөөкөрүн аялы үчүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазган. Нурлан ошондой эле алар ырчынын унаасын калыбына келтирүүнү гана суранышкандыгын жана аны дарылоого «акча талап кылынбайт» деген.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт