Дүйнө

Армяндардын cоккусунан 10 азербайжан каза болду

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабакта  чыр-чатак башталгандан бери армяндардын аткылоосунан 10 карапайым адам курман болгонун билдирди.

«Акыркы эки күндүн ичинде, айрыкча карапайым тургундар арасында жоготуулар болду. Тилекке каршы, каза болгон карапайым жарандардын саны көбөйүп жатат. Он адам, анын ичинде бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү, анын ичинде эки бала курман болду», — деди президент.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин жана Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 27-сентябрдан бери 30 жай тургун жаракат алды.

Эске сала кетсек, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы аскердик кагылышуу 27-сентябрда башталган.

Эки тарап тең бири-бирин жерден жана абадан уруп жатышат. Эки мамлекетте тең аскердик абал жарыяланган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт