Дүйнө
Маанилүү

Армения жана Азербайжан Тоолуу Карабах боюнча жарашууга барышканын жарыялашты

Кечээ, 17-октябрь күнү кечинде Азербайжан жана Армениянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайттарында эки өлкө Тоолуу Карабахта элдешүүгө жетишкени тууралуу билдирүү пайда болду.

«Армения жана Азербайжан 18-октябрь күнү саат 00:00дөн баштап гуманитардык элдешүү тууралуу макулдашышты», – деп айтылат маалыматта.

Документтерде мындай чечим Франция, Россия жана АКШнын президенттеринин билдирүүлөрүнүн негизинде кабыл алынгандыгы айтылат. Франция, Россия жана АКШ – Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Минск тобунун тең төрагалары болуп саналат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button