ДүйнөОкуялар

Армения менен Азербайжандын чек арасында куралдуу кагылышуу болду

Армения менен Азербайжандын чек арасында куралдуу кагылышуу болду.

12-июль, жекшемби күнү Азербайжан менен Армениянын чек арасында куралдуу кагылышуу болду. Бул үчүн Баку жана Ереван бири-бирин күнөөлөдү. Бакуда эки азербайжандык жоокер набыт болуп, бешөө жаракат алганын маалымдады. Ереван Армениядан эч кандай жоготуу жок экендигин билдирди.

Окуя Азербайжан-Армения чек арасынын Товуз районунда болгон.

Азербайжан менен Армениянын армиялары ортосундагы акыркы ири куралдуу кагылышуу Тоолуу Карабакта 2016-жылдын апрелинде болгон.Эки тараптан ондогон аскерлер набыт болушкан. Армения менен Азербайжан 1992-жылдан бери согуш коркунучунда, деп белгилейт Эл аралык Француз радиосу.

Булак
Азаттык
Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close