ВидеоДүйнө
Маанилүү

Армения Азербайжандын экинчи ири шаарына кол салды (ВИДЕО)

Азербайжандын Башкы прокуратурасы 27-сентябрдан 16-октябрга чейин Армениянын кол салууларынын натыйжасында болгон жан жоготуулар жана материалдык чыгымдарды жарыялады.

Буга караганда аты аталган мезгилде Азербайжандын 47 жараны каза болуп, 222 жараны жаракат алды.

Армениянын кол салууларында 1669 үй, 84 батир жана 301 коомдук имарат жараксыз абалга келди.

Армения армиясы жарандык конуштарга ок чыгаргандан кийин 27-сентябрда Азербайжан армиясы аларга каршы операция баштаган болчу.

Чоң жоготууга учураган Армения армиясы Азербайжандын жарандык калктуу конуштарына чабуулун артиллерия жана ракеталар менен улантты.

Армения менен Азербайжан Россиянын борбор шаары Москвада өткөн жолугушуулар учурунда 10-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дөн баштап Тоолуу Карабахта сөөктөрдү жана туткундарды алмашууну көздөгөн гуманитардык “ок атышууну токтотуу” боюнча макулдашышкан.

Армения армиясынын Азербайжандын Генже шаарына ок атышпоодон 24 саат өтпөй ракеталар менен кол салуусунун себебинен 10 адам каза болуп, 35 адам жаракат алган.

Кечээ да Тертер шаарында мүрзөгө сөөк коюу үчүн барган жарандарга кол салууда 4 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button