БийликЖогорку КеңешКоомМаданият
Маанилүү

Аргасыз күлкү же келекелөө: Дастан Жумабеков кайрадан элдин сынында

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун сүйлөө маданияты байма-бай сынга алынып келет. Сентябрь айында Казахстанда даяр текстти окуп бере албаган спикерди интернет колдонуучулар жапырт сынга алышкан. Бул ирет төрага Дастан Жумабековдун ат мине албай жүдөгөн видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Буга чейин  ал Зайырбек Ажыматовго таандык ыр саптарын өзү чыгарганы тууралуу айтканы да коомчулуктун кыжырын кайнаткан.

Андан көп өтпөй ал сессияда шаардын атын так окуй албагандыгы менен коомчулуктун сынына кабылган эле.

Тагырагы, ал 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун да шар окуй албай калган. Анысы аз келгенсип, шаарды туура эмес окуп алды. Франкфурт-на-Майне дегенди “Франкфурт жана Маяне” деп, “Маяне шаарында” деп дагы кайталаган.

Видео социалдык тармакка тарап кызуу талкууну жараткан.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button