КоомОкуялар

Араванда абанын температурасы 10 градус жылуу. Дыйкандар картошка эгип баштады

Быйыл жаздын эрте келиши менен аравандык дыйкандар жазгы талаа иштерин баштады. Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы П.Мирзабарамов билдиргенин Айыл чарба министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 28-январдан тарта Араван районуна караштуу С.Юсупов айыл аймагынын дыйкандары эрте бышуучу картошканын үрөнүн отургуза башташты. Ал эми ушул эле райондун Нурабад айыл өкмөтүндө 30-январдан тарта картошка үрөнү отургузула баштады.

Учурда райондо абанын күндүзгү температурасы 10 градус жылуу болуп, башка дыйкандар дагы жазгы талаа иштерин баштап жаткандыгы тууралуу айтылып жатат.

Булак
ОШ ТВ
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button