КоомМаданият

Анжелика, ырчы: “Маскачан аялдарга кол көтөргөн эркек сымалдар…”

Белгилүү ырчы Анжелика 8-мартта Бишкекте өткөн акция боюнча өз пикирин жазып,
аталган жүрүштү чагылдырган фотоколлаж менен бөлүшкөн:

https://www.instagram.com/p/B9f9S_SFQtm/

“Бирок… кечээ… мындай көрүнүш дагы болду…
Маскачан аялдарга кол көтөргөн эркек сымалдар… аларды эмес, айымдарды кармап кеткен кызматкерлер… эх.
Тынч акция болсо керек эле… урушпайлычы? Ансыз деле вирустан коркуп отурабыз. Жон жашап туралычы. Кудайга жакпаган нерселерди жасап деле жатабыз. Кимде күнөө?- ар бирибизде! Карманалы! Чыдайлы! Акыл калчап иш кылалы!” – деп жазган ырчы

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлүп, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button