КоомТехнологияЭкономика
Маанилүү

Англияда 5G мунараларын өрттөп салышты

Улуу Британиянын ар кайсы облустарында 5G тармагынын жалпы 7 мунарасы өрттөнгөн. Жашоочулар «5G тутумун пайдалануу ден соолукка зыян, ал иммунитетти алсыздандырып, коронавирустун жугушуна шарт түзөт», — деп тараган кепке ишенип алышкан. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.

Жашоочулар мунараларды өткөн аптадан баштап өрттөй башташкан. Бул учурлар видеого тартылып калган. Анда иштеп жаткан кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч жаралганы жазылат маалыматта.

«Ага чейин ВотсАпп, Ютуб, Фейсбук, Твиттер жана башка социалдык тармактарга «5G байланышынан бөлүнгөн нурлар адамды алсыздандырат, коронавирустун жугушуна алып келет» деген ролик тараган.

Улуу Британиянын маданият министри Оливер Дауден жогорудагы социалдык тармактардын администраторлору менен такталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирген. Аталган өлкөнүн Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Стивен Повис министрдин пикирин колдоп: «Үйдө болгула деп калктты карантинге чакырып жатканда бизге 5G байлынышы абдан зарыл болчу. Ага каршы айтылган сөздөрдүн баары такыр болбогон кеп, мен муну айтыла турган сөз деп да атай албайм», — деген ал», — деп жазылат маалыматта.

Булак
super.kg
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт