Аналитика
Маанилүү

Логикага сыйбаган логистикалык борбор… же Ат-Башыдан ажыраганы калдыкпы?

Ат-Башы районундагы Кытай менен чектешкан аймакта жалпы суммасы 275 миллион долларды түзгөн соода-логистикалык борборунун курулушу башталды.

Экспорт-импорт, жүк ташуу, өндүрүшкө байланыштуу бардык функцияларын камтыган комплекстин аянты 200 гектарды ээлейт. Мухаммедкалый Абылгазиев бул долбоор Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болорун билдирди. Абылгазиев сегиз жыл аралыгында курулуп бүтөрү пландалып жаткан «Ат-Башы» деп аталган индустриялык соода-логистикалык борбору ишке кирсе, өлкө казынасына тыгынчык болорун белгиледи. Муну менен катар эле бул логистикалык борбор курууга Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондугун билдирди.

Эске салсак, былтыр 13-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Анда “Кыргызстан — Кытай” бизнес-форумунун жыйынтыгы менен 7 миллиард доллардан ашуун суммага бир катар документтерге кол коюлган.

Өкмөт тараткан маалымат боюнча соода-логистикалык комплекс Ат-Башыдагы Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун жанына салынып жатат. Бул комплекс-ири кампалар, жүк ташууга байланыштуу терминал, өндүрүш ишканалары, бажы көзөмөлү сыяктуу көп функционалдуу соода-сатыкка байланыштуу кызматтарды камтыйт.

Өкмөт логистикалык борбор салынып бүтсө, 15 миңге жакын жумушчу орун түзүлүп, аймакта чоң шаарча пайда болору пландап жатат. Ошондой эле логистикалык борбор Кыргызстандын Кытай мамлекети менен соода алакасынын көлөмүн көбөйтөрү күтүлүүдө. Бирок азырынча так экономикалык божомолдор жок.

Долбоордун инвестору ким?

«Ат-Башы» индустриялык соода-логистикалык борборунун курулушунун расмий башталышына Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень да катышты.

Комплекс Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында кол коюлган макулдашууга ылайык ишке ашканы жатат. Ири долбоорго ишкерлер Эмилбек Абдыкадыров жана Лю Ин негиздеген «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» инвестор экени белгилүү болду.

280 млн. доллар акчаны  жөнөкөй инвестордун тоонун башындагы аймакка логистикалык борбор куруп жатышы күмөн ойлорду пайда кылбай койбойт.

Логистикалык борбор кандай кызмат аткарат?

Логистикалык борбордо ири кампалар, бизнес-борборлор, өндүрүш ишканалары, жүк ташууга байланыштуу терминал, соода жана мейманкана комплекстери, коомдук тамактануучу жайлар, май куюучу жай, спорттук жана көңүл ачуу зоналары курулат. Ошондой эле бажы көзөмөлү сыяктуу көп функционалдуу кызматтар болмокчу.

“Логистикалык борбордун негизги багыттарынын бири текстилдик продукцияны, атамекендик товарларды өндүрүп, ЕАЭБ, Евробиримдик жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөргө экспорттоо болмокчу”, — деп жазылат документте.

Эмне үчүн Ат-Башы?

Нарын – Кыргызстандагы тоолуу аймактардын бири.  Ат-Башы району – Нарын облусунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Райондун аймагы Ички Теңир-Тоонун бийик тоолуу бөлүгүндө жайгашкан Ат-Башы өрөөнү, Аксай өрөөну, Арпа өрөөнү, Чатыр-Көл ойдуңу ж-а аларды чектеп жаткан Байбиче-Тоо, Кара-Тоо, Ала-Мышык, Нарын, Ат-Башы, Какшаал сыяктуу бийик кырка тоолор ээлейт. Бул өрөөндөр 2000-3800 м бийиктикте жатат. Эң бийик жери – Какшаал тоо тизмегиндеги 5982 м. бийиктиктеги Данков чокусу.

Климаты кескин континенттик. Июлдун орточо температурасы дыйканчылык өрөөндөрүндө 12-18°С, бийик тоолуу сырттарда (Аксай, Арпа өрөөндөрүндө) 10-15°С; кышы суук, январдын орточо температурасы -18… -29°С. Аксай өрөөнү – Орто Азиянын«суук уюлу» (абсолюттук минимум -53,6°С). Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300-350 мм, тоолордо 400-450 мм. Кышы 5-8 айга созулуп, кар 20-30 см калыңдыкта түшөт.

Ат-Башы кырка тоосунда, Какшаал, Фергана тоо тизмектеринде, Арпа, Чатыр-Көл, Аксай өрөөндөрүндө (3000 м бийиктиктен жогору) түбөлүк тоң жатат.

Логистикалык борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым, ал эми Бишкек шаарынан 400 чакырым алыстыкта курулмакчы. Бишкек — Нарын — Торугарт — Кашкар унаа жолунун 439-чакырымында, автомагистралдан 500 метр алысыраак жерден орун алат.

Аймакта чет өлкөлүк инвестиция салынган ири долбоор жок эсе. Беш жылы мурун Орусия Нарын дарыясына ГЭС каскаддарын курууну пландап, бирок ишке ашпай калган. Андан бери кыргыз өкмөтү бул долбоорго инвестор таппай келет.

Жыйынтык

Чет өлкөнүн ар кандай логистикалык борборлору, кайсы тармакта болбосун, мамлекеттин ошол тармагын монополия кылып алууну көздөйт. Ошол аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жарандар болсо кризиске дуушар болушат же монополист компаниялардын колуна өтүүгө мажбур болушат.

Ат-Башы районундагы жер тилкеси курулушка 49 жылдык мөөнөт менен ижарага берилген. 200 гектар айыл чарба жеринин жоготуулары 49 жылга 43 млн. 5 миң сом деп эсептелди. Анын эсебинен жергиликтүү бюджетке октябрь айында 1 млн. 782 миң сом которулган. Жакында өкмөт бул долбоор үчүн 200 гектардан сырткары дагы 200 гектар жер бөлүнүп берилерин кабарлады.

Кытай логистикалык компаниясы – бул Кытайдын улуттук экспорттук продукциясы болуп, Кыргызстандын саясий жана экономикалык өнүгүүсү үчүн зыяндуу долбоорлордун бири болушу толук мүмкүн. Эгер чын эле ошондой боло турган болсо, мындай компаниялар мамлекеттик инфраструктураны изден чыгарып, бардык кызмат көрсөтүү тармактарын өз колуна алууга аракет кылат. Кытай Кыргызстандагы кызмат көрсөтүү тармактарын бир четинен колго алуу менен мамлекеттеги таасирин жана басым өткөрүү мүмкүнчүлүгүн күчөтө берет.

Мындай долбоорлор Кытай үчүн экономикалык кызыкчылыктарга ээ болуу менен бир катарда саясий кызыкчылыктарды да көздөйт. Мамлекет кайсы бир тармакта импорттук товарлар, кызмат көрсөтүү жабдыктары, же жумушчу күчүнө таянса, анда мамлекеттин ошол тармагы кризиске дуушар болуп, башка мамлекеттерге көз каранды болуп калат.

Ошондуктан, ар кандай кубаттуу мамлекеттер ички жеңил өнөр-жайды тышкы инвесторлорго тапшырып коюудан этият болушат. Ошондой эле оор өнөр-жайын күчөтүү менен инфраструктурасын да, жеңил өнөр-жайын өзүнүн болгон мүмкүнчүлүгүнөн келип чыгып өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурушат.

Белгилүү болгондой Кытай мамлекети карыз, инвестиция шылтоолору менен бир катар өлкөлөрдүн стратегиялык жайларын ээлеп алган. Мисалы, Шри-Ланка өлкөсү Кытайга болгон 8 миллиард карызы үчүн маанилүү порту “Хамбантотаны” кытайлык компанияга 99 жылга берүүгө аргасыз болгон. Бирок бул да карызынын 1,1 миллиард долларын жабууга гана жеткен. Шри-Ланкага чейин Пакистан да “Гвадар” портун Кытайга 43 жылга берүүгө мажбур болгон. Ал эми Африкадагы Жибути мамлекети Кытайга болгон карызынан улам, өлкөсүнө Кытайдын аскердик базасын ачууга аргасыз макулдук берген. Коңшу Тажикстан болсо, Кытайлык компаниянын жылуулук борбор куруп берген акысына “Жогорку Кумарг” алтын кенин берүүгө аргасыз болгон.

Кытайлардын Кыргызстанга 20 жылдан бери салып келе жаткан жолдорунун сапатын көрүп жатабыз. Борборубуз Бишкектеги ТBEA компаниясы тарабынан модернизацияланган ТЭЦтин айланасындагы ызы-чууну көзөмөлдөй албаган өкмөт тоонун тоомунда жайгашкан Ат-Башыдагы кытайды кантип көзөмөлдөйт? Мындан сырткары, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи айлампасын утуп алып, башка тараптан өкмөт менен түзмө-түз келишим аркылуу камераларды орнотуп, ишке ашыруу алдында турат. Бул албетте, Кытайдын негизги кызыкчылыктарынан эсептелет. Инвестиция шылтоосу менен миллиарддаган карыздарды берип, ал каражаттар менен Кытай компаниялары ТЭЦ, Датка-Кемин чордону, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырып капчыктарын кампайтышына кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн.

Учурда Ат-Башы районунда логистикалык борбор куруу астында турат. Кыргызстан болсо бул акчаларды үстөк пайызы менен кайра төлөмөкчү. Ошондой эле кен байлыктарыбыз Кытай компанияларына ит бекер берилип, пайдасын ташып кетип, таштандылары кайра эле биздин экологияны бузуп калууда.

Кыргызстандын ичинде турган Ворух анклавын көзөмөлдөй албай, экономикасы бизден алсыз Тажикистанга жерибизди тарттырып жиберген болсок, дүйнөгө соода торун жайган Кытайга чектеш аймакты ачып берип салсак, ал аймак биздин колубуздан чыгып кетүү коркунучунда калбайт деп ким кепилдик берет.

Буга чейин да ушундай “сыр каткан маселелер” шайлоо алдында чечилип келген. Кезинде Атамбаев “Кыргызгаз” ишканасын Орусияга сатуу маселесин шайлоо алдында койбоду беле? Каршы чыгып, Кремльдин колдоосунан куру калбайын деп, бири да “кың” дей алышпады. Эл көзүнө “каршы чыгымыш болушту”. Иш жүзүндө болсо каратып туруп эле сатып жиберишпедиби? Ат-Башыдагы логистикалык борборун куруу аракеттери да шайлоо астында жүргүзүлүп жатышы көп түрдүү суроолорду пайда кылат. Ошондуктан, курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулаганына толук негиз бар.

Уландысы бар…

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close