Аналитика
Маанилүү

Өгөйлөнгөн Кыргызстан: “Туңгуюкка кептелген тышкы саясат”

Соңку аптада Кыргыздын тышкы саясаттагы позициясына, абалына, мындан улам тышкы иштер министрлигине карата айтылган сындар күчөдү.

Буга 2 окуя себеп болду. Биринчиси, АКШнын Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына визалык чектөө киргизүүсү. Президент Дональд Трамптын буйругуна ылайык, кыргыздардын АКШга иммиграциялык виза алуусуна тыюу салынды. Муну АКШ тарап өлкө америкалык коопсуздук стандарттарына жооп бербегени жана маалымат алмашуу милдетин аткара албаганы үчүн деп түшүндүрдү. Кыргыз өлкөсү жарандарынын АКШ аймагында жашап, иштөөсүнө тыюу салынган дүйнөдөгү 13 өлкөнүн бирине айланды. Тизмеде Түндүк Корея, Сирия, Ливия, Иран жана бир топ Африка өлкөлөрү бар.

Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бул чектөөсүн сындап чыкты.

“Кыргыз өлкөсү эл аралык коопсуздукту камсыздаган активдүү катышуучу. АКШнын бул чечимин биз эки тараптуу кызматташтыкка аракети жок деп кабыл алдык. Бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизди” дейт министрлик.

Жарандык коом Кыргыз өлкөсү тышкы саясатта чабалдык кылууда, АКШнын визалык чектөөсү мунун далили деп жатат. ТИМ АКШ менен сүйлөшүүлөргө барып, бул чектөөнүн алдын алса болот эле деген пикир басымдуулук кылууда. Эксперттер да бул окуяда күнөөнү АКШдан эмес, Кыргыз тараптан издөөдө.

ТИМдин башчысы Чыңгыз Айдарбековдун тышкы саясатыбызды чеңгелдеп келе жатканына туура бир жыл 6 ай болуптур. Бир жарым жыл айтууга оңой болгону менен оголе көп убакыт. Бул аралыкта колунан иш келчү адам унчукпастан үйдөй жумуштарды бүтүрүп койо алат.

А биз сөз кылып жаткан «билерман» бир жарым жылда эмне иш бүтүрдү? Албетте, протоколго ылайык кирди-чыкты күнүмдүк иштерди бүтүрсө бүтүргөндүр. Башка көрүнүктүү иштерин ким санай алат?

Өкмөттө ич ара интригалар ырбап, өлкөбүздүн тышкы саясаты кедеринен кетип, мунун айынан иш бир калыпта жүрбөй калган. Абылгазиведин шаштысы кетип турганда ушундай “тапталмалар” ишенимдүү кадр болуп бере алабы?

Экинчи окуя – АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Казакстан менен Өзбекстанга иш сапары менен келип, Кыргызстандын босогосун аттабай кеткени. Убагында Кыргызстан Борбордук Азиядагы демократиянын аралчасы аталып, АКШ, Европа өлкөлөрү чөлкөмдө биринчи болуп Кыргызстанга көңүл бурчу. Помпеонун Кыргызстанга кайрылбай кетиши – Кыргыз өлкөсү демократиялык өзгөчөлүгүн жоготконунун белгиси деп бааланууда.

Үчүнчү окуя – 31-январь күнү Алматы шаарында өткөн Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары биримдиктеги чектөөлөр менен тоскоолдуктарды жоюу маселесин талкуулоо үчүн чогулушту. ЕАЭБдин Алматыда өткөн өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында жалпысынан 13 документке кол коюлду. Анын көпчүлүгү экономикалык биримдиктин интеграциясын тереңдетүүгө багытталган. Мындан сырткары анда уюмга кирбеген өлкөлөр менен соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү жагы да каралган.

Орусиянын жаңы дайындалган өкмөт башчысы Михаил Мишустин жыйындын алкагында Казакстандын, Беларустун жана уюмга байкоочулук кылган Молдованын премьер-министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Михаил Мишустиндин кол алышкан сүрөттөрүн жарыялап, бирок эки тараптуу жолугушуу тууралуу кабар тараткан жок.

Жаңы дайындалган өкмөт башчы Мишустин үчүн Абылгазиев менен жолугуу абдан маанилүү болчу. Демек, Мишустин кыргыз өкмөтүн признавать этпейт” экен да? Кырдаал ушунчалык татаалданып, Кыргыз өкмөтүнүн кадыры “жердин битиндей” эле болуп калганына чоң ишарат.

Төртүнчү окуя – Чек арада апта сайын чыр чыкты. Экономикасы бизден алсыз, биз алардан 10 жыл алдыга кеттик деп тоготпой жаткан коңшулаш Тажикстанга өзүбүздүн аймактын ичинде жаткан Ворух анклавын алдырып койдук. “Өзүңө сак бол, кошунаңды ууру тутпа” деген принцип ушул жерден дагы бир жолу иштебей калды.

Бешинчи окуя – Дагы бир кошунабыз Өзбекстандын Жогорку жана орто билим берүү министри Имом Мажидов “Борбор Азия мамлекеттериндеги өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстандагы университеттерге оңой эле которо алат” деген буйрукту 6-февралда чыгарды.

Министрликтин “Телеграмдагы” каналында жарыяланган буйрукта көрсөтүлгөндөй, студенттер окуусун Өзбекстанга которуу үчүн эч кандай кошумча сынак тапшырбайт. Башында бул үчүн 7-февралдан 15-февралга чейин гана убакыт берилген. 11-февралда аталган министрлик бул мөөнөттү 15-мартка чейин узартылганын жарыялады.

Убакыт кыска болгондуктан, коңшу мамлекетте окуп жаткан өзбек жаштары жапырт аракет көрө баштады. Ошто жалпысынан 20 000дин тегерегинде Өзбекстандан келген студенттер билим алышчу. Эгер бардык студенттерин чакыртып алса Ош шаарындагы калктын активдүү бөлүгү кескин кыскарууга дуушар болот. Алар коомдук транспорт менен каттап, биздин базарлардан соода-сатык кылып, ашкана, кафелерден тамактанышчу. Демек, бул да экономикабызга залакасын тийгизбей койбойт. Муну Мирзиёев билип туруп эле жасап жатпайбы? Коңшум капа болот дебей мындай кескин түрдө чечим кабыл алышы эмнеден кабар берет?

Алтынчы окуя – Кыргызстан үчүн Кытай негизги экономикалык өнөктөш мамлекет деп саналат. Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товарлар жалпы көлөмдүн 70 пайызын түзөт. Ат-Башыга логистикалык борбор, Солтон-Сары кениндеги чуу, ж.б Кытайга каршы жаралган маанай эки өлкөнүн достугуна кедергисин тийгизип жатат. Бул да болсо бийликтин, анын ичинде Тышкы Иштер Министрлигинин чабалдыгы экенидигинин дагы бир белгиси.

Текст окугандан башкага жарабаган кадрды алып барып КТРКга директорлукка… жок дикторлукка койсо жарашат. Татыктуу өз пикири жок, «эт менен челдин ортосундагы» мындай кадрлардын кимге кереги бар? “Чыңгыз, сен түйүнчөгүңдү түйө бер” деп айтса болчудай окшойт…

Кыскасы, Кыргызстандын геосаясий абалы өтө оорлоп, “жетим жүгүрүк” эле болуп калды.

Биз азырынча ушул жагын гана тизмектей туралы. Эгер ички саясат жөнүндө сөз кыла турган болсок Асан Кайгы кабырында тынч жата албай калат…

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close