Дүйнө

Америкада кайрадан баш аламандыктар башталды (видео)

Американын Атланта шаарында 27 жаштагы афроамерикалык жигит полиция кызматкерлеринин иш-аракетинин кесепетинен каза болду. Бул тууралуу «Washington Post» маалымдады.

Кайрадан нааразычылык акциясы уюштурулуп, митингчилер шаардын полициясынын башчысынын отставкасын талап кылышты.

Полициянын маалыматы боюнча, каза болгон жигит кафелердин биринин жанында унаасынын ичинде уктап калган. Унаа башка транспорт каражаттарын жолун тосуп токтотулган. Окуя болгон жерге чакырылган полиция кызматкерлери айдоочуну текшерип жатканда ал кызматкерлердин биринин электрошокерин алып качып кетүүгө аракет жасаган. Айдоочу кармоо учурунда атылып өлтүрүлдү. Бул окуя боюнча териштирүү иштери башталды.

Ал эми Атланта шаарынын полициясынын башчысы Эрика Шилдс отставкага кетти. Шаардын мэри Кейша Лэнс Боттомс бул учурда полициянын курал колдонушуна негиз жок болчу экенин билдирди.

Америкада эки жумадан бери афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмү боюнча массалык баш аламандыктар болуп жаткан. Ал да полиция кызматкерлеринин колунан каза тапкан.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close