Дүйнө
Америка Кошмо Штаттарында коронавирустан каза болгондордун саны 3873кө жетти.

Бул тууралуу федералдык жана жергиликтүү статистикалык маалыматтарга таянып Джонс Хопкинс университети билдиргенин РИА Новости агентиги жазды.
[coronavirus-jh-dashboard height_px=»800px»]АКШда жалпы коронавирус тастыкталган 188 172 учур аныкталды. АКШ бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө биринчи орунда, ал эми Италия жана Испания андан кийинки орундарда.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган.
Аталган уюмдун акыркы маалыматтарына ылайык, дүйнөдө 750 миңден ашык адам коронавирус жуктурган учур катталып, вирус пайда болгондон бери 36 миңден ашуун адам өлдү.