Коом

Аманданын айынан аткаминерлердин аялдарына эле кыйын болду…

17-декабрда бир катар жергиликтүү басылмалар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын азем буюмдары тууралуу иликтөө материалын чыгарган.

Өзүн Аманда деп атаган Уулкан Тургунова гүлдесте менен колунун сүрөтүн соцтармактарга 2015-жылдын октябрь айында жүктөгөн. Бир гана сүрөттөгү аксессуарлардын баасы млн сомдон ашкан. Cartier браслеттери кадимки жана ак алтындан бриллиант кошулуп жасалган. Алардын баасын бириктиргенде Райымбек Матраимовдун жылдык (2015-жылга карата) кирешесинен дээрлик эки эсе жогору.

Аталган иликтөөдө Матраимовдун жубайы Аманданын (Уулкан Тургунова) социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрүнөн «майда-чүйдө» чыгымдарын болжолдуу эсептеп чыгышкан. Анда Матраимовдун жубайына таандык унаалар, алтын сааттар, кийим-кече ж.б эс алууга корогон акчалардын болжолдуу баалары тизмектелген.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, кийип жүргөн ич кийиминен бери инстаграмга жарыялап жүргөн аткаминерлердин аялдарына чоң сокку болду. Чиновник, депутат, министрлер, ал тургай жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү да тойго же эс алууга бара жатканда аялдарынын кийимдерине назар салып, арзан же кымбат экенин текшере башташты.

Аманданын айынан аткаминерлердин аялдарына эле кыйын болду…

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close