БийликӨкмөт

Алымжан Козубаев кызматынан алынды

Козубаевдин ишине буга чейин бир топ сын айтылган. Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу жыйын өткөрүп, "Унаа" мекемесинин ишмердүүлүгүн караган.

 «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Алымжан Козубаев кызматынан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин анын ишине Коопсуздук кеңеши тарабынан сын айтылып, кылмыш ишин козгоо сунушталган эле.

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу жыйын өткөрүп, «Унаа» мекемесинин ишмердүүлүгүн караган.

Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев жүргүзүлгөн мониторингдерге ылайык, мекемедеги коррупциялык системаны жокко чыгаруу боюнча планга киргизилген иштердин жарымынан көбү аткарылбай калганын айткан. Тагыраагы, пландагы 148 иш-чаранын 83ү аткарылган эмес. Жумушчу топтун практикасында иштердин аткарылбаганы боюнча мындай төмөн көрсөткүч (56%) биринчи жолу байкалган.

Ошондой эле мекеменин жетекчилиги арыздарды жана автоунааларды каттоо жана кайра каттоо үчүн тийиштүү документтерди онлайн жөнөтүү механизмин иштеп чыгып, киргизген эмес.

Муну менен бирге укук коргоо органдары тарабынан «Унаа» мекемесинин кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иши козголуп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Козубаев аталган кызматта 2019-жылдын июль айынан бери иштеп келген.

Толугу менен
Back to top button