БийликЖогорку КеңешСаясат

Алтынбек Сулайманов: Өзгөчө абалды узартууга болбойт

Кыргызстанда 15-апрелден кийин да өзгөчө абалды узартууга болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, эгер өлкөдө өзгөчө абал узарып кетсе жарандардын жашоо-турмушуна, өлкө экономикасына абдан чоң зыян келет.

“15-апрелге чейин тиешелүү органдар коронавирус жугузуп алган адамдарды текшерип, аларды карантинге алыш керек. Ал эми калган жарандардын эркин жүрүшүнө шарт түзүлүшү керек. Болбосо өлкөгө кыйын болуп калат”-деди Сулайманов.

Ошондой эле эл өкүлү учурда коронавирусту аныктоочу тест-системалар абдан аз болуп жатканын белгилеп, өкмөт көп сандаган тесттерди сатып алышы керектиги кошумчалады.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан алганы белгилүү болду.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт