КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Алмазбек Атамбаев кармалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 10-октябрда Бишкек шаарында массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө чарасынын негизинде УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында А. Атамбаев, К. Сагымбаев жана Д. Мусакеев кармалган.

Учурда ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу тарабынан бул кылмыштын башка шериктештерин аныктоого жана камакка алууга багытталган тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт