Саясат
Маанилүү

Алмазбек Атамбаев үй камагына чыгарылышы мүмкүн

УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев үй камагына чыкты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди. Маалыматты СДПК партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тастыктаган. Анын айтымында, мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган. Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылган. Ал эми президенттик аппараттын экс- жетекчиси Фарид Ниязов 2021-жылдын 10-февралына чейин камакта калганы айтылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары аны үй камагына чыгарууну, бөгөт чарасын кайра кароону соттон өтүнүп жатканы маалымдалууда. Адвокат Замир Жоошев “Азаттыкка” билдиргендей, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 14-январда Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ишин каралган. Сотто актоочу тарап анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч беришлген.

Атамбаев акыркы жолу өткөн сотко ден соолугуна байланыштуу катыша алган жок. Акыркы кездери тар чөйрөдө Алмазбек Шаршеновичтин бошотулушу боюнча кептер жүрүүдө. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да Атамбаев менен жолугарын, анын ден соолугуна карап тиешелүү чечим кабыл аларын билдирген эле. Андан көп өтпөй мурдагы президент УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган. Эми ден соолугуна байланыштуу сотко катышпай, адвокаттары анын бөгөт чарасын кароону сурап жатат. Окянын өнүгүшүнө анализ жүргүзө турган болсок, жакынкы күндөрү Атамбаев үй камагына, же ооруканага чыгышы мүмкүн. 

Дамир Мусакеев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт