Дүйнө

Алматы менен Нур-Султан шаары карантинге жабылды

Казакстандын Алматы менен Нур-Султан шаарларында коронавируска байланыштуу карантин режими башталды.

Алматы шаарынын кире беришине 27 өткөрмө посттор орнотула турганын шаардын акими Бакытжан Сагинтаев билдирген.

«Өткөрмө постторго полициянын кайгуул полкунун күчтөрү, ыкчам аракеттенүүчү атайын отряды (СОБР), Улуттук гвардия менен Коргоо министрлигинин бөлүктөрү тартылды. Ошондой эле шаарга керектөөлөрдү, азык-түлүк, дары-дармек, гигиена жана коргонуу каражаттарын киргизүү үчүн “жашыл коридор” ачылат», – деди ал.

Анын айтымына караганда, карантин шаардын бардык тургундарынын коопсуздугу жана коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн киргизилди.

Көчөлөр жана тротуарлар дезинфекцияланат. Алматы шаарына кирип же чыгып кетүүгө жарандарга 72 саат убакыт берилди.

«22-март күнү саат түнкү он экиде бардык өткөрмө пункттар жабык болот. Ошондой эле аба жана темир жол каттамы дагы токтотулат», – деп Алматынын акиминин биринчи орун басары Ерлан Кожагапанов билдирген.

Ал эми Нур-Султан шаарына төмөнкүдөй чаралар киргизилди:

– Социалдык объекттерди, турак жайларды, базарларды, соода борборлорду, коомдук унааларды, аэропортторду, бекеттерди дезинфекциялоону күчөтүү.

– шаар арасында жүргөн автобустардын кыймылы токтотулду;

– бала бакчалар иштебейт;

– соода борборлорунда бир гана азык-түлүк дүкөнү менен дарыканалар иштейт;

– ресторандарга онлайн-жеткирүү сунушталды;

– ижарачыларга жана субъекттердин ишкерлерине насыя төлөө мөөнөтү узартылат;

– банктарга айып пул менен туум эсептөөгө тыюу салынды;

– бардык уюмдарга дистанциялык режимге өтүү же кызматкерлердин 70 пайызын эмгек өргүүгө чыгаруу сунушталды.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close