Саясат

Аликбек Жекшенкулов: Үңкүр-Тоону Атамбаев жашыруун берип жиберген болушу мүмкүн

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүткөрүү керек деген бүтүмгө келишти, деп билдирди президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берип жатып.

Бул талкууга алынып жаткан тема боюнча саясатчы жана коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов өз оюн билдирди:

Бул жер Кыргызстандыкы болчу, тарыхы теетиги совет доорунан башталган, эгемендик алгандан киин Унгар-Тоого теле-радио антенналар коюлуп бут Фергана регионуна саясий таасир бере баштаганда, расмий Ташкент нааразычылык билдирип, «бул талаш жер» деп чыккан.Андан кийин коп суйлошуулор болгон, бирок келишимге эч ким кол койгон эмес Менин билишимче акыркы жолу Ташкетке барганда экс-президент Алмазбек Атамбаев жашыруун кылып кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кол койгон. Ошол документти ачыкка чыгарып изилдеш керек, балким ошондо чечип койгондур.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт