КоомСаясат
Маанилүү

Али Токтакунов: “Садыр айта берет, эртеси сөзүнөн кайта берет” деп ылакап болуп кетпеңиз

Журналист Али Токтакунов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылды.
Садыр Жапаров (Sadyr Japarov) мырза!
Элдин сизге үмүттөнө карап, жакшы жашоого алпарар бекен деген күтүүсү чексиз эмес. 30 жыл күтүп чарчаганбыз!
Кемчиликтерге карабай сүйүп, сүрөй берүү да аз гана убакытка.
Кеңешчилериңизби, же жеке өзүңүз чечим кабыл аласызбы, айтор тескери токуп алып чаап бараткан атты токтотуңуз!
“Садыр айта берет, эртеси сөзүнөн кайта берет” деп ылакап болуп кетпеңиз. Бир канча ирет баштапкы убадаңыздан кайтып ийдиңиз.
Парламенттин, соттордун мыйзамсыз чечимдеринин, бейжай дайындоолордун жоопкерчилиги сизде гана болот. Тарыхтын жана мыйзамдын алдында сиз гана жооп бересиз. Анткени азыр бардык бийлик колуңузда. Айланаңызды ээлеген Акылбек Жапаров, Зарылбек Рысалиев, Талант Мамытов, Мирлан Бакиров жб. окшогон кошоматчылар бардык президенттерди аңга тыгып келишкен.
Бүгүн айтылуу Исхак Раззаковдун туулган күнүндө кайрылып атам. Эл эсинде Раззаков катары калуу да, же акыркы президенттердей жек көрүндү болуу да сиздин гана колдо.
5-октябрда Эл көчөгө эмне үчүн чыкканын унутпаңыз. Дал тиги айланаңыздагы арзыматтарды кетириш үчүн, кайра тез арада аларсыз, таза, акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн чыгышкан.
Жарандык коомдун бир бөлүгүнүн унчукпай отуруусу коркуу же сыйлоо эмес. Мүмкүндүк, жардам берели дегени. Бирок чыдамдын да чеги бар.
Азыр да кеч эмес, мыйзамсыздык жолунан кайтыңыз!
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button