КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Акыйкатчы сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз тууралуу пикирин билдирди

Акыйкатчы Токон Мамытов сөгүнгөнү видео аркылуу эл арасына тарап кеткен кыз тууралуу суроого жооп берип, эмоцияга алдырбоо керектигин айтты.

15-апрелде акыйкатчы “Фейсбук” аркылуу түз байланышка чыгып, колдонуучулардын суроолоруна жооп берди.

Кыздын окуясы тууралуу ал сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын белгилеп, чындыкты аныктоого тоскоолдук кылбоого чакырды:

«Келгиле, териштирүүнүн жыйынтыгын күтөлү, чындыкты табууга тоскоолдук калбайлы. Кыз эмне үчүн андай реакция кылганын билбейбиз. Албетте, андай кылган болбойт. Эмоцияны көзөмөлдөгөнгө аракет кылыш керек. Айрыкча азыркы оор абалда. Жазасын сот чечет».

Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз №1 тергөө абагына 15 суткага камалганын 14-апрелде шаардык комендатура кабарлаган. Бул окуянын видеосу учурда коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат.

Кыздын өзү жана анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт