Дүйнө

АКШнын бир нече шаарында массалык башаламандык уланууда (Сүрөт)

Кошмо Штаттардын Миннеаполис шаарында үчүнчү түн катары менен башаламандык өкүм сүрүүдө. Демонстранттар полиция кеңсесине кирип барып, өрттөп салышканы кабарланууда. Шаарда өзгөчө абал жарыяланып, тартипти сактоого Улуттук гвардия да тартылды.

Каршылык акциялары Колорадо, Огайо, Кентукки штаттарынын айрым шаарларында да болуп, жаалдангандар автоунааларды, имараттардын терезелерин талкалашты. Кагылышта жаракат алгандар да бар.

Нааразылыкка Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмү себепкер болду. Күбөлөр тарткан видеодо сары чийкил полиция кызматкерлери куралы жок Жорж Флойдду жерге жыгып, тизеси менен бир нече мүнөт мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд дем жетпей атканын улам кайталайт.

Окуяга катышы бар төрт полиция кызматкери жумуштан алынып, иш иликтене баштады. Миннесотанын мэри Флойдду басып турган полиция кызматкерине кылмыш ишин козгоого чакырды. АКШнын президенти Дональд Трамп окуяны «үрөй учурарлык» деп баалады. Ошол эле учурда буга байланыштуу башаламандыкка да катаал жооп болорун эскертти.

«Ал бандиттер Жорж Флойддун элесин уят кылат. Мен буга жол бербейм» деп президент «Твиттерге» жазды.

Флойд — акыркы жылдары кармоо учурунда полициянын колунан өлгөн биринчи ынды кара киши эмес.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close