КоомМыйзам жана укукОкуяларПрезидент

АКШдагы башаламандыктар 22 шаарды басып алып, 20дан ашуун адамдын өмүрүн алып кетти.

АКШдагы башаламандыктар 22 шаарды басып алып, 20дан ашуун адамдын өмүрүн алып кетти.

Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, 4000 демонстрант кармалган — алар талап-тоноого, жолдорду тосууга жана полиция кызматкерлерине кол салууга айыпталууда.
Нааразычылык акциясынын катышуучулары дүкөндөрдү жана башка имараттарды тоноп жатышат. Маселен, ушул түнү Нью-Йоркто демонстранттардын тынч чогулушу башталды, бирок көп өтпөй чогулган адамдар терезелерди уруп башташты.

Ушул себептен, Трамп армия жиберүүсүн айткан.

Президент Дональд Трамп өлкөдөгү толкундоолорду токтотуу үчүн бардык ресурстарды жумшай тургандыгын билдирди. Ал жергиликтүү бийлик Улуттук гвардияны жөнөтүүдөн баш тарткан жерге, армия алып келем деп коркуткан. Ошентип, Трамп «губернаторлор ордуна көйгөйдү тез арада чечүүгө» убада берди.
Буга чейин New York Times Трамп мамлекеттик жетекчилерден демонстранттарга каршы катаал чараларды көрүүнү талап кылганын кабарлаган. Президент Улуттук гвардияны мобилизациялоону сунуш кылды.

Президент Америка көчөлөрүндө көргөн нерселерибиздин кабыл алынгыс экендигин ачык айтты. Биз зомбулукка, талап-тоноочулукка, анархияга жана мыйзамсыздыкка жол бербейбиз. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул кылмыш иш-аракеттер нааразычылык билдирүүлөр эмес, бул күнөөсүз америкалыктарга зыян келтирген кылмыштар.» — деди президенттин басма сөз катчысы Кайли Макинан .

Ал эми Орегон губернатору Кейт Браун андан баш тартты. Анын айтымында, аскерлер демонстранттар менен түз тирешүүгө кириши мүмкүн.

 

Ушул эле учурда Коронавирус жөнүндө да унутпайлы.

Миннесота губернатору Тим Уолз жакынкы келечекте Америка COVIDдин жайылышы күчөйт деп кооптонот — 22 шаардагы демонстранттардын көптүгү, албетте, коопсуз аралыкты сактабайт.

«Сиздин нааразычылык билдирүүгө укугуңуз бар, бирок сиз башка адамдарга жуктуруп, коомдук ден-соолукка зыян келтирүүчү иш-аракеттерди жасоого укугуңуз жок» деди Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо.

Булак
Sputnik
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button