Дүйнө

АКШдагы баш аламандык барган сайын күч алууда

АКШда Жорж Флойддун 26-майда Миннесота штатында полициянын зомбулугунун себебинен каза болушу менен башталган нааразылык акциялары улам күч алууда.

АКШда Жорж Флойддун 26-майда Миннесота штатында полициянын зомбулугунун себебинен каза болушу менен башталган нааразылык акцияларынын күчөп кеткени боюнча борбор шаар Вашингтондо 1300 болгон улуттук гвардиячыларга 1500 кошумча гвардиячы алып келинди.

Нью-Йорк полиция демаптаменти болсо шаарда митингдер убагында болгон талап тоноолордун себебинен орто эсеп менен 700 кишинин кармалганын жарыялады.

Жарыяда окуяларда 10дон ашык полиция кызматкери жаракат алганы билдирилип, 10дон ашуун полиция унаасынын зыянга учуратылганы маалымдалды.

Коменданттык саат бир жума бою узартылды, анткени шаардын дүйнөгө белгилүү соода көчөсү 5-проспект (Бешинчи проспект), Сохо жана Геральд аянттарындагы кымбат баалуу дүкөндөрдү тоноп кетишкен.

Шаардагы талап-тоноочулуктун алдын алуу максатында, айрым көчөлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дөн тарта унаа кыймылы үчүн жабылды.

Бир тараптан Техастагы митингдерге катышкан 25 миң митингчини Жорж Флойддун үй-бүлө мүчөлөрү да коштоду.

Калифорнияда болсо миңдеген демонтсрант улуттук гвардиячыячылардын көзөмөлүндө митингдерин улантты.

Вашингтондо демонстранттар көп катышкандыгына карабастан, демонстрациялар мурунку күндөргө караганда тынч өттү.

Ак үй жана анын айланасындагы полиция, ФБР, Улуттук гвардиялар жана Жашыруун кызмат кеңири коопсуздук чараларын көрүп жатышканда, Ак үйдүн алдындагы Лафайетт паркы демонстранттардын кирүүсүнө уруксат бербеш үчүн узун темир тосмолор менен жабылды.

Флойддун өлүмүнө жана полициядагы зомбулукка каршы 15 миңдей адам митингге чыгышты, ал эми демонстрацияларга катышуу башка күндөргө караганда жогору болду.

Шаарда коменданттык саат башталгандан кийин демонстрациялар уланып жатканда, бир топ демонстранттар Ак үйдөн Конгресс имаратын көздөй жөнөштү.

Конгресс имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыккандар Ак үйдүн алдындагы Лафайетт паркына кайтып келишти.

Демонстранттардын көпчүлүгү Ак үйдүн алдынан кеч кетишти.

Экинчи жагынан, АКШнын администрациясы Вашингтондо болуп жаткан окуяларга каршы чараларды күчөтүүнү улантууда.

Кечинде борбор калаага келе турган Улуттук гвардиянын 1500 жоокеринен тышкары, армиянын Вашингтондун жанындагы аскер базаларына да жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Эндрюс авиабазасына  82-аба десанттык дивизиянын ыкчам кыймыл бригадасынын 750 жоокери, ошондой эле 14 тик учак, 10 Black Hawk жана 4 Chinook үлгүсүндө кабыл алынды.

Жоокерлер ушул тапта кийлигишпейт жана алар аймакка сактык максатында гана жөнөтүлгөнү айтылды.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) 82-аба десанттык дивизиясы жайгашкан Форт Брагг жана 10-альпинисттик дивизия жайгашкан Форт-Драм казармаларынан Вашингтондун аймагына 1600гө жакын аскердин сактык максатында жайгаштырылгандыгын жарыялады.

Бул арада АКШнын Коомдук Саламаттыкты сактоо Департаментинин президенти доктор Жером Адамс Миннеаполисте өлтүрүлгөн кара Жорж Флойдго байланыштуу нааразычылык акцияларынын натыйжасында жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын күчөп чыгышын күтүп жатабыз деп билдирди.

АКШнын массалык маалымат каражаттарына сүйлөп жатып, Адамс миңдеген кишилердин катышуусундагы нааразычылык акциясында катышуучулар жалпы беткаптарды колдонушса дагы, социалдык аралыкты сактоо мүмкүн эмес экендигин белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш АКШнын расмий өкүлдөрүн демонстрацияга кийлигишүүдө кылдат болууга чакырды.

Гутерриш өзүнүн Твиттердеги барагынан,»Биздин кеңсесбизге кожоюндук кылган өлкөдө жана БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында зордук-зомбулуктун болуп жатканы абдан өкүнүчтүү» деди.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close