Дүйнө

АКШ Россиядан медициналык каражаттарды сатып алды

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Морган Ортагус Covid-19 эпидемиясынан улам Россиядан медициналык каражаттардын сатып алынгандыгын билдирди.

Ортагус жазуу түрүндөгү маалымат жарыялап, түзүлгөн келишимдин Covid-19 эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде ишке ашырылгандыгын белгиледи.

АКШнын Covid-19 эпидемиясы тууралуу глобалдык бир күрөш жүргүзүп жаткандыгын бирок жалгыз күрөшүүнүн болбой тургандыгын белгилеген Ортагус буларды билдирди:

«30 –  мартта президент Трамп менен президент В. Путиндин ортосунда болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин АКШ 1 –  апрелде Нью – Йоркко барган жана дем алдыруу аппараттары менен жеке коргоочу каражаттар да болгон бир учак медициналык материалды сатып алды.  Эки өлкө тең өткөн кризис мезгилдеринде  бири бирине гуманитардык жардам берген жана келечекте да берет. Баарыбыздын өмүрүбүздү коркунучка салган душманды жеңүү үчүн бирдикте иштөөнүн учуру».

Россиядан  АКШга жиберилген жана медициналык каражаттарды ташыган “AN-124” моделиндеги жүк ташуучу учак Нью – Йорк эл аралык аэропорту JFKге конду.

Россиянын коргоо министрлиги да кечээ медициналык каражаттар жана бет кап ташыган учактын Москва аймагындагы Чкаловск  аскердик аба майданынан АКШга жиберилгендигин билдирген.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button