БийликОкуяларӨкмөтПрезидент

«Акнетке» ким көз артууда?

«Акнет» ишканасынын акционерлеринин ортосундагы чыр дагы деле уланууда. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновдун тарапташтары «Акнет» рейдердик басып алууга кабылганын айтып, «күч органдары кысым көрсөтүп жатат» деп арызданышты.

«Акнет» ишканасынын акционерлеринин 2018-жылдын аяк ченинде ачыкка чыккан чыры токтой элек. Компанияда үч адамдын үлүшү бар жана алардын бири Кубан Ажимудинов салыктан качууга, документ жасоого, куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шек саналып камакта жатат.

Анын тарапташтары «Акнет» рейдердик басып алууга кабылганын, Ажимудиновдун компаниядагы үлүшүн тартып алуу аракети болуп жатканын айтып келишет. Алар 19-февралда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгып, Ажимудиновду бошотууну талап кылышты.

«Ал күнөөсүз. Аны ишканадагы үлүшүн толук бойдон сатууга мажбурлаш үчүн тергөө абагында мыйзамсыз кармап жатышат. Компанияга алардын адамдары келип алганы, жылдар бою топтолгон акчаны алып алышканы аз болуп жатат. Финпол аны актап, иштердин баарын жаап, мойнубузга илген 150 миллион сомду төлөп берсек да мыйзамсыздык уланууда»,- деди Ажимудиновдун бир тууганы Гүлнара Ажимудинова.

«Акнеттин» мурдагы президенти Кубан Ажимудиновдун иши былтыр жыл аягында Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

«Акнетке» байланыштуу иш Кыргызстанда инвестициялык климат начарлап кетти деген сөздөр айтылып жаткан учурда көтөрүлүп жатат. Ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү, жемкорлуктан кайтарылган акча топтолчу бирдиктүү депозиттик эсепке акча которууда күч түзүмдөрү жарышып жатканын президент Сооронбай Жээнбеков да айтты.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close