Ден-соолукКоомОкуялар
Маанилүү

Ак-Талаада Токиодон келген тургун коронавируска шектелип ооруканага жеткирилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 5 тургуну 14 күнгө карантинге алынып, райондук аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылганын райадминистрациянын адиси Элмира Токтогулова билдирди.

Райадминистрациясынын расмий билдирүүсүнө таянсак, Чолок-Кайың айылынын тургуну 14-мартта Токио—Москва—Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстанга учуп келип, 15-март күнү аталган айылга келген. Ал үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө турган. Бирок 19-мартта дене табы көтөрүлүп, тамагы кызарып калгандыктан тез жардам унаасы аркылуу райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткирилип, 14 күндүк карантинге алынды.

Андан сырткары 2019-жылдын 12-декабрынан 2020-жылдын 16-мартына чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында дааватта болушкан Кызыл-Белес айылынын 4 тургуну жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, 14 күнгө карантинге алынды.

5 тургунду айылдан алып келген унаалар жана райондук оорукананын айланасы дезинфециялоодон өткөрүлдү.

«Илдетке байланыштуу алынып келген 5 жарандан дароо кан алынып, облустук лабораторияга жиберилди. Анализ чыгып келмейинче бул жарандар 14 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болот», – деди аймактык оорукананын башкы дарыгери Гүлзуура Чолпонбаева.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close