Окуялар

Ак-Буурага агып каза болгон индиялык студент мас абалда сууга түшкөн

Ош шаарында Ак-Буура дарыясына агып каза болгон индиялык 20 жаштагы студент мас абалында сууга түшкөн. Бул кабарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

— Студент мас абалында түнкү саат 3:00 чамасында сууга чөмүлүүгө түшүп агып кеткен. Ал шаардын Юго-Восток кичи районунда сууга агып, Масалиев көчөсүнөн табылган. Тактап айтканда 2.5 чакырымдай аралыкка аккан. Маркумдун жансыз денеси бүгүн, 29-майда эрте менен суудан табылган, — деп айтылат маалыматта.

Факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине кокустук боюнча катталып, соттук медициналык экспретиза дайындалды. Алдын ала иликтөө учурунда анын денесинен жаракат табылган эмес.

Маркум Ош мамлекеттик университетинин медициналык окуу жайында 3-курста окуп жаткан.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close