АналитикаДен-соолукКоом
Маанилүү

Айт намазы аянтта да, мечиттерде да, үйлөрдө да окулбайт — түшүндүрмө

Учурда өлкөбүзгө эле эмес бүтүндөй дүйнө жүзүнө кооп салып жаткан “Таажы ылаңынын» себебинен жергебизде аянттарда жана мечиттерде айт намазы окулбастыгы жөнүндө маалымат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан коомчулукка жарыяланды.

“Мындай чечим республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйдө майрамдайбыз”

24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин КТРК телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.

Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбастыгын маалымдайбыз. Жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз

Опубликовано Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Четверг, 21 мая 2020 г.

Адам өмүрүнө кооптуулук жаралганда шарият кандай жол тутат, бул тууралуу Кыргызстан аалымдар кеңеши түшүндүрмө берди.

Дегеле шариятта жума намаздарын же айт намаздарын окубай коюуга себеп барбы, болсо ал кайсы эреже менен жүзөгө ашырылат?

Ислам жеңилдиктин тарапташы. Шариятыбыз инсанияттын кыйналуусун эмес, балким жеңилдик менен ибадат кылуусун, бейпилдик менен жашоо өткөрүүсүн каалайт. Инсанга күчү жетпей турган иштерди аткаруусун мажбурлабайт, талап кылбайт. Зарылдык, ооруу жана мүмкүнчүлүктүн чектелүүсү сыяктуу абалдар дайыма этибарга алынат. Андыктан Ислам фикхинде атайын эрежелер иштелип чыккан болуп, оор кырдаалдардагы көйгөйлөргө чечимдер табылат. Ошондой эрежелердин бири “Умум ал-балва” эрежеси. Азыр бул эреже жөнүндө кыскача таанышып чыгабыз.

Ислам фикхине таандык булактарда “умум ал-балва” (عموم البلوى) термини көп учурайт. Маселен, кайсы бир өкүмдүн иллатин (себебин) баяндоодо “умум ал-балва” эрежеси себептүү ушундай болот – дегенге окшош тексттер келтирилет.

Пандемия учурунда мечиттерде окулуучу жамаатык намаз жана жума намазын убактылуу токтотуп туруу жөн жерден болгон жок же шариятка терс эмес. Айтаарым, ага негиз болуучу жогоркудай далилдер бар.

Коомчулукта айт намаз окулбай калса анын ордуна окулуучу намаз барбы же аны мечиттерде окубасак да үй шартында окууга шарият уруксат береби деген суроолор да көп болууда.

Эгерде айт намазы аянттарда же мечиттерде окулбаса үй шартында ар ким өз алдынча окуп алуусу шариятта, тагыраагы “Ханафий” мазхабында көрсөтүлгөн эмес. Себеби айт жана жума намаздары окулуусу үчүн бир топ шарттар каралган. Алардан кээ бирлерин айта кетели:
“Изнул ъаам – айт же жума намаз окулуучу жайга мусулмандар эч тоскоолдуксуз кирип баруусу” керек. Ал эми үйлөрдө делингенде, бирөөнүн үйүнө башка бирөө эч тоскоолдуксуз кирип бара албайт. Демек айт намазынын же жума намазынын үйдө окулуусу үчүн уруксат берүүдө мына ушул шарт табылбайт.
Дагы бири, айт же жума намазын окуй турган имам падыша же муфтий тарабынан дайындалаган адам болуусу шарт. Үйлөрдө окулсун деп уруксат берүүдө бул шарт да табылбай калат.

Андыктан кээ бир мазхабы башка араб өлкөлөрүнүн айт намазы үйлөрдө окулса болот, деген фатвасын көрсөтүп, биз да ошондой кылсак боло берет да, деп камынып алуу туура эмес.

Айт намазынын ордуна башка окулуучу намазга келсек, негизинен айт намазынын ордуна окулуучу, тагыраак айтканда ордун басуучу – кудум эле айт намазын өзүн окугандай эле сооп алып, карыздан кутултуучу намаз жок. Туура – Абдула ибн Масъуд (разияллоху анху) мындай деген сөз бар:

وروى الطبراني في: «الكبير»، عن الشعبي قال: قَالَ عَبْدُ اللهِ بْنُ مَسْعُودٍ: «مَنْ فَاتَهُ الْعِيدُ فَلْيُصَلِّ أَرْبَعًا». ورجاله ثقات كما في: «مجمع الزوائد».

“Ким айт намазына жетиш албай калса, төрт рекет намаз окуп алсын”. Имам Табараний өзүнүн “Кабийр” китебинде Аш-Шаьбийден риваят кылган.

Анын себебинен “Мажмаъул анхур” китебинде мындай деген сөз бар:

اعْلَمْ أَنَّ صَلَاةَ الْعِيدِ قَائِمَةٌ مَقَامَ الضُّحَى فَإِذَا فَاتَتْ بِعُذْرٍ يُسْتَحَبُّ أَنْ يُصَلِّيَ رَكْعَتَيْنِ أَوْ أَرْبَعًا وَهُوَ أَفْضَلُ

“Маалым болсун, айт намазы зуха намазынын ордуна коюлган. Качан гана айт намазы кандайдыр бир үзүр себептүү окулбай калса, эки же төрт рекет нафл намаз окуу мустахаб болот. Төрт рекет окуу абзел”.

Бирок муну дал айт намазынын өзүн окугандай болот деп түшүнүп албас керек. Себеби бул өкүм айт намазын жамаат менен окууга жетишпей калган адамга айтылган. Бул жанагы кыргыздардын “ачуу басар” деген сөзүндөй эле кеп. Себеби айт намазынын ордуна ар ким зуха намазын окуп алсын деген көрсөтмө берчү болсок, адамдарда түрдүүчө түшүнүктөр пайда болуусу турган сөз. Анткени ансыз деле эл ичинде айт намаздын ордуна таш көтөрүп койсо болот, деген сыяктуу ырым-жырымдар кездешет.
Экинчиден зуха намазы, бир эле айт күнү окулбай калган айт намазынын ордуна окулуучу намаз эмес, балким ар күнү окулуучу нафл намаздардын түркүмүнө кирет. Бул намаздын өзүнчө орду жана артыкчылыктары бар.

رَوٰى مُسْلِمٌ مِنْ حَدِيثِ أَبِي ذَرٍّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: «قَالَ: رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يُصْبِحُ عَلٰى كُلِّ سُلَامَىٰ مِنْ أَحَدِكُمْ صَدَقَةٌ، فَكُلُّ تَسْبِيحَةٍ صَدَقَةٌ، وَكُلُّ تَحْمِيدَةٍ صَدَقَةٌ، وَكُلُّ تَهْلِيلَةٍ صَدَقَةٌ، وَكُلُّ تَكْبِيرَةٍ صَدَقَةٌ، وَأَمْرٌ بِالْمَعْرُوفِ صَدَقَةٌ، وَنَهْيٌ عَنِ الْمُنْكَرِ صَدَقَةٌ، وَيُجْزِئُ مِنْ ذٰلِكَ رَكْعَتَانِ يَرْكَعُهَا مِنَ الضُّحَٰى».

Абу Зардан (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам):

“Таңга маал күн сайын адам баласы денесинин ар бир мууну үчүн (денеде 360 муун бар) садака берүүсү керек. “Субхааналлах” – садака, “Алхамду лиллах” – садака, “Лаа илааха иллаллох” – садака, “Аллоху акбар” – садака. Жакшылыкка чакыруу – садака, жамандыктан тыюу – садака. Алардын баарына садака иретинде “Зуха” намазынын эки рекети жетиштүү”. Имам Муслим риваяты.

“Мурда Союз мезгилинде да айт намаздан элди тосуп келишкен. Ошондо аталарыбыз жашынып болсо да айт намазын окушкан. Андыктан биз да мечитте болбосо да башка жерде чогулуп окуй беребиз”, деген демилгелер да эл ичинде жок эмес. Урматтуу диндеш бир туугандар! Союз учурундагы тыюу атеисттик идея күчөп тургандыктан чындап эле намаз окутпаш максатында болгон. Ал эми учурдагы тыюу адам өмүрүнүн кооптуулугу үчүн болуп жатат. Ар бир акыл калчаган адам айырмасын оңой эле түшүнсө болот.

Маалымат катары айта кетишибиз керек. Карантин маселеси шариятта да жолго коюлган. Өкмөтүбүз тарабынан кырдаалга байланыштуу карантин жарыяланып, анын негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттерде окулуучу жамаатык намаздарды жана жума намазын убактылуу токтотуу боюнча фатвасын чыгарган. Ошондой эле айт намазынын да аянтта жана мечиттерде окулбастыгын карантин себептүү, кооптуулук бүтө электегинен болгондугун маалымдады. Андыктан шарият жаатынан алып караганда да мусулмандар өлкө жетекчилерине жана расмий диний жетекчиликке баш ийүүсү важиб болот.

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنكُمْ ۖ ….﴿٥٩﴾

“Эй ыймандуулар! Аллахка баш ийгиле, Аллахтын элчисине баш ийгиле! Ошондой эле өзүңөрдүн жетекчилериңерге баш ийгиле…” (Нисаа, 59)

Албетте мындай тыюулар убактылуу гана. Келечек алдыда. Андыктан урматтуу мекендештер, мына ушундай дуба кабыл боло турган күндөрдө жерибиздин тынчтыгы элибиздин жаркын келечеги үчүн дуа кылыңыздар.

Жараткан Өзү Рамазан айынын жана айт күнүнү урматына жалпы адамзаттын башына балээ болуп турган «Таажы ылаң»ын баарыбыздан нары кылсын. Асамандан келген жана жерден чыккан балээ-апаатардан сактасын. Бейиштин берметиндей болгон жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-биримдик берген болсун. Өлкөбүз эң алдыңкы өнүккөн өлкөлөрүндө катарында болсун!

Сиздерди урматтоо менен,
Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев.


 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button