Аналитика
Маанилүү

Айданбек Акматов: Эгерде мамлекеттин, элдин кызыкчылыгында терең ойлонулган ички, тышкы саясат жүргүзгөн бекемирээк бийлик болгондо азыркыдай абал түзүлбөйт эле

Кыргызстан блокадада калды. Блокаданын бир себеби пандемия болсо, экинчи себеби ички башаламандыктар, карама-каршылыктар жана мына ошолорго жол берген мамлекеттин алсыздыгы болуп жатат. Эгерде мамлекеттин, элдин кызыкчылыгында терең ойлонулган ички, тышкы саясат жүргүзгөн бекемирээк бийлик болгондо азыркыдай абал түзүлбөйт эле.

Чыгыштан Кытай Кыргызстанга жүк өткөрүүнү катуу чектеген. Мындай чектөөдөн Кыргызстандын бюджети да, ишкерлери да, соодагерлери да катуу жабыркап, бизнес токтоп жатат. Натыйжада салык кескин азайып, бюджет мамлекеттин, элдин муктаждыгын канааттандыра албай калды. Мамлекет кайырчы абалга келди.

Кытай мындан сырткары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну токтотуп койгон. Бирок бул жол боюнча Өзбекстан менен кызматташууну улантып, Өзбекстанга багыт алган жүктү Кашкарга чейин темир жол, андан ары Кыргызстан аймагы аркылуу автоунаа менен ташууну чечип, аны ийгиликтүү ишке ашырып жатат.

Кыргызстандын өзүнө жүк ташууну чектөөнүн себеби катары Кытай тарап төрт пункттан турган талапты атаган. Анын үч пункту автомобилдердин абалына байланыштуу болсо, төртүнчүсү Кытайдын Кыргызстандагы компанияларынын коопсуздугун камсыздоо аталган. Мына ушул төртүнчү пункт негизги талап экендиги талашсыз.

Кытай учурда дүйнөдөгү экономикалык экинчи мамлекет. Кыргызстанга жүк чыгарбай коюудан, соодасын токтотуудан Кытайдын кылы кыйшайбайт. Кыргызстан катуу жабыркайт. Ошондуктан Кытай менен мамиледе карапайымдан тартып, бийликтеги адамдарга чейин абдан кылдаттык керек.

Кытайдан сырткары кыргыз ишкерлеринин, жарандарынын Россия жана Казакстанга чыгуусу кыйын болуп калды. Ал жактан да ишкер, соодагелердин Кыргызстанга келүүсү токтотулган. Россия жана Казакстан киргизген чектөөлөр пандемияга байланыштуу. Бирок Кыргызстандагы окуялар жана башаламандыктар бул кошуна мамлекеттер менен мамлекеттик байланыштарга терс таасирин тийгизип жатат. Маселен, финансылык жардамдар токтотулду, Садыр Жапаровдун Москвага сапар жасаймын дегенине эч ким кулак да салбады, көңүл да бурбады.

Мына ушундай учурда эл аралык деңгээлдеги көз боемочу-мошенниктерге кудай берип, алар бийлик башындагыларды “силерди дүйнөгө алып чыгабыз” деп алдап, акчасын чөнтөгүнө салып кетип жатышкандай.

Эл аралык көз боемочу-шылуундардын тузагына 2005-жылы Данияр Үсөнов, Азимбек Бекназаров да түшкөн. Алар Акаевдин байлагын таптырабыз деп, “Либерман” аттуу компанияны жалдап, ага 500 миң доллар беришкен. Бирок натыйжа болгон эмес.

Эми дагы бир шумпай чыгып, Садыр Жапаровду Израиль өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху, араб лидерлери менен жолугуштурууну убадалаган. Кыргызстандык ишкер Абдыманап Карчыгаев президенттик аппараттын атынан мына ошол шумпай, Израилдин чалгындоо кызматы МОССАДдын кызматкери Ари Бен-Менаш менен 1 млн. долларга келишим түзгөн. Шылуунга 500 миң доллар төлөп да беришкен…

Айданбек Акматов, журналист

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт