Дүйнө

Афганстанда 2 аскердик тиу учар кырсыкка учурады

Афганстандын түштүгүндөгү Гельманд аймагында 2 аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен 9 киши каза болду.

Афганстандын түштүгүндөгү Гельманд аймагында 2 аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен 9 киши каза болду.

Коргоо министрлиги афган аба күчтөрүнө таандык «Ми-17» моделиндеги 2 аскердик тик учардын Гельманддын Наве районунан учкандан кийин дароо эле  кырсыкка учурагандыгын билдирди.

Тик учарлардын техникалык бузуктуктан улам кырсыкка учурагандыгы айтылган билдирүүдө кырсыкта 9 кишинин каза болгондугу да маалымдалды.

Көргөн күбөлөр Наве районунда жаралуу аскерлерди алган эки тик учардын учкандан кийин дароо эле кагылышкандыгын жана кырсыкта 10дөн ашуун аскердин каза болгондугун ортого салышты.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт