Дүйнө

Афганстан жарандарын Кытайдан эвакуациялай тургандыгын билдирди

Афганстан саламаттык сактоо министри Фирузиддин Фируз Кытайдын Ухань шаарында билим алган 41 студент жана жашаган бир канча афган жаранынын эң кыска убакытта эвакуацияланарын белгиледи.

Афганстан саламаттык сактоо министри Фирузиддин Фируз жаңы тип коронавирустун борбору Кытайдын Ухань шаарында жашаган афган жарандарынын эвакуацияланарын айтты. Фируз борбор шаар Кабулда өткөргөн пресс – жыйынында Кытайдын Ухань шаарында билим алган 41 студент жана жашаган бир канча афган жаранынын эң кыска убакытта эвакуацияланарын белгиледи.

Президенттин жолдомосу менен эвакуация үчүн менчик учак жиберилерин айткан Фируз жарандардын Кабулга келгенден кийин 14 күн Кабул аэропортунун жакынында даярдалган бир жерде байкоо астында болорун белгиледи. Фируз Кытайдын Ухань шаарындагы афган жарандарына ушул кезге чейин вирустун жукпагандыгын билдирди. Жаңы тип коронавирус менен күрөшүү тууралуу кээ бир иштерди жүргүзүшкөндөрүн айткан Фируз 300 орундуктуу бир оорукананы да бул вирус жуккандарды дарылоо үчүн бөлүшкөндөрүн айтты.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button