Ден-соолукКоом
Маанилүү

Адамзаты буга чейин кандай эпидемияларды башынан өткөргөн?

Кытайда пневмонияга окшош оорунун чыкканы тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында белгилүү болгон. Эми вирус башка да өлкөлөргө тароодо, учурда Кытайдан башка дагы 26 өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган. Бүгүнкү күнгө карата 20 миң 604 киши жаңы коронавирусту жуктуруп алса, ал эми мындан улам каза болгондордун саны 427ге жетти.

Дүйнө бул сыяктуу вирустар менен биринчи эле жолу бет келип жаткан жери жок. Бардык убакта түрдүү вирустар тарап, алар миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кеткени белгилүү. Азыркы тапта сасык тумоо вирусунун эле 2 миңден ашуун түрү белгилүү. Анын айрымдары организмге зыян алып келе албаса, айрымдары көптөгөн өмүрлөрдү алып кеткен. Тарыхка карасак, жугуштуу оорулар согушка караганда көбүрөөк өлүм алып келген. Биз бул сапар адамзатына белгилүү эң коркунучтуу эпидемиялар тууралуу маалымат бермекчибиз.

№ 10: Гонконгдогу сасык тумоо эпидемиясы (1 миллиондой киши каза болгон)

1968-жылы Гонконгдо пайда болгон сасык тумоо эпидемиясын сасык тумоонун H3N2 вирусунун штаммы чакырган. Оору тез эле Вьетнам, Сингапур, Индия, Филиппин, Австралия жана Европага жайылып кеткен.

№ 9: 1889–1890-жылдардагы сасык тумоо эпидемиясы (1 миллиондон ашуун киши каза болгон)

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында чыккан бул эпидемия транспорт аркылуу жайылган биринчи жугуштуу оору болуп калган. “Орус сасык тумоосу” деп аталган бул оору 4 ай ичинде Европа менен АКШны каптаган. Кийинчерээк окумуштуулар бул вирусту сасык тумоонун H3N8 вирусунун штаммы чакырганын аныкташкан.

№ 8: Орусиядагы холеранын үчүнчү пандемиясы (1 миллиондон ашуун киши каза болгон)

1852-жылдан 1860-жылга чейин созулган холеранын үчүнчү пандемиясы негизинен Орусия менен Европаны каптаган. ХІХ кылымдагы эң коркунучтуу деп саналган бул эпидемия кир сууну колдонуудан улам чыккан.

№ 7: «Азия сасык тумоосу» (миллиондой киши каза болгон)

“Азия сасык тумоосу” 1956-жылы Кытайдын Гуйчжоу провинциясында пайда болуп, тез эле Гонконг, Сингапур жана башка шаарларга тарап кеткен. Окумуштуулардын божомолунда, бул сасык тумоонун пайда болушуна тамакка колдонулган жапайы өрдөктөрдө бар болуучу вирустун штаммы себеп болгон.

№ 6: «Антонин» чумасы (миллиондой киши каза болгон)

“Антонин чумасы” же “Галена чумасы” (бул ооруну сыпаттап жазган грек врачынын урматына аталган) биздин заманга чейинки 165-жылы аскерлери Жакынкы Чыгыштан кайтып келгенден кийин Байыркы Римде пайда болгон. Эпидемиянын жаралышына кайсы оору себепкер болгону так белгисиз, бирок, анын чечек же кызылча болушу мүмкүн экендиги айтылып келет. Бул оору Рим армиясынын көпчүлүк бөлүгүн жана Рим империясынын кээ бир райондорун толугу менен жок кылган. Айрым тарыхчылар бул эпидемия Рим империясынын кыйрашынын негизги фактору болгон деп эсептешет.

№ 5: Коколицтли (Cocoliztli) (12-15 миллиондой киши каза болгон)

XVI кылымда Мексиканын калкы кескин кыскарууга дуушар болгон. Буга биринчиден Испаниянын басып алуусу себеп болсо, экинчиден аябай кургакчылыктын болушу жана коколицтли вирусунун жайылышы себеп болгон. Cocoliztli — науатль тилинде чума дегенди түшүндүрөт. Коколицтли эпидемиясы Мексикада негизинен эки ирет: 1545-жылы жана 1576-жылы жайылган. Мунун кесепетинен 15 миллиондой адам же ошол убактагы Мексиканын калкынын 80 пайызы кырылган. Бул оору чычкан жана келемиштер аркылуу жайылганы айтылат.

№ 4: ВИЧ/СПИД (30 миллиондой киши каза болгон)

ВИЧ/СПИД көп өлүм алып келген эпидемиялардын тизмесинде 4-орунду ээлейт жана азыркы күнгө чейин уланып келе жаткан жападан жалгыз эпидемия. ВИЧ/СПИД эмнеден улам пайда болгону азыркыга чейин белгисиз болгону менен, окумуштуулар анын вирусу биринчи жолу Африкада адамга маймылдардан өткөн деп эсептешет. Вирус 1960-жылдары Гаити менен АКШда жайылып баштаган, бирок, расмий түрдө эпидемиянын башталышы деп 1981-жылдын 5-июну эсептелет. Ошол убактан бери ВИЧ/СПИД дүйнө жузү боюнча 30 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.

№ 3: Юстиниандын чумасы (90 миллиондой адам өлгөн)

Юстиниан чумасы биринчи катталган пандемия саналат. Биздин замандын 540-5411-жылдары жайылган бул оору 90 миллиондой адамдын өмүрүн алып кеткен. Бул оору жугуштуу оорусу бар келемиштер ун ташуучу египеттик кемелерге кирип алгандан улам пайда болуп, миллиондогон элдин чума таякчаларын  (Yersinia pestis) жуктуруп алуусуна себеп болгон. Эпидемия бул ооруну жуктуруп алып, бирок тирүү калган Рим императору Юстиниан Iдин урматына анын атында аталып калган. Тарыхчылардын божомолу боюнча, бул эпидемия жер шарынын 13 пайызына чейинки калкын жок кылган.

№ 2: Испан сасык тумоосу же “испанка” (50-100 миллиондой адам өлгөн)

1918-1919-жылдары жайылган испан сасык тумоосу Тынч окаендын аралдарынан Арктикага чейинки жерлерди кыйратып кеткен. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда жайылган бул эпидемия дүйнө тарыхында кыйраткыч жагынан экинчи орунда турат. Окумуштуулар бул эпидемия Франциядагы аскердик ооруканада чочко же канаттуулардын мутацияланган вирусу адамга жуккандан улам башталган деп эсептешет. Ал аба аркылуу жайылып, тез эле кыргын алып келген эпидемияга айланган.

№ 1: Бубон чумасы (75–100 миллиондой адам өлгөн)

“Кара өлүм” деп да аталган бубон чумасы 1346-жылдан 1353-жылга чейин созулуп, адамзат тарыхындагы эң кыйраткыч эпидемия болуп калган. Ушул жылдар ичинде бубон чумасы Европа калкынын 30-60 пайызынын өмүрүн алып кеткен. Оорунун таркатуучусу деп Yersinia pestis бактериясы жуккан бүргөлөр эсептелет. Ал эми бүргөлөрдү Борбордук Азиядан Европага келген соода кемелери аркылуу кара келемиштер ташышкан.

Орто кылымдагы эл чуманы Кудайдын каргышы деп ишенишкен, ошондуктан бул айрым адамдардын куугунтукка кабылышына алып келген. Эпидемиянын кесепетинен көптөгөн шаарлар, коомдор толугу менен жок болгон.

Бул эпидемия XIX кылымга чейин Европада кайталанган эмес жана дарылоого мүмкүн болгон (чумага каршы вакциналар иштелип чыккан) чуманын биринчи формасы болуп калган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button