Аналитика

Абылгазиевден мурунку өкмөт башчыларды ээрден түшүргөн былык иштер

Кыргызстан кылмыш иштерине аралашып, сот жообуна тартылган премьер-министрлерден жолдуу. Алардын айрымдары айыбы ачылып коомчулуктун ур-тепкисине кабылса, бир катарлары темир тор артына бир топ жылга кесилип кетти. Арасында бозгунда жүргөн качкын өкмөт башчылар да бар.

Курманбек Бакиев (2000-2002 жана 2005)

Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелде анын бийлигине каршы чыккандарды аттырган окуяда фигурант катары каралган. Жогорку сот аны сыртынан өмүр бою кесип, жаш курагынан улам бул өкүм 30 жылдык абакка алмаштырылган.

Мурунку президент Курманбек Бакиев и жана экс-премьер-министр Феликс Кулов. Архив

2015-жылы Башкы прокуратура 2008-жылы үч айыл өкмөтүндөгү айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш ишин козгогон. 262,3 гектар жерди трансформациялоо боюнча өкмөттүн бул токтому мыйзамсыз чыккан.

Бул иш боюнча экс-премьер Игорь Чудинов, мурдагы биринчи вице-премьер Искендер Айдаралиев, Курманбек Бакиев жана анын кичүү иниси Жаныш, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков күнөөлөнгөн.

2017-жылдын соңунда Октябрь райондук соту бир тууган Бакиевдерди 10 жылга эркинен ажыратып, агасын президенттик кызматындагы ишмердүүлүгү үчүн жоопко тартты.

2010-жылдан бери Курманбек Бакиев качып кетип, баш калкалап Белоруссияда жашайт. Азыркы күнгө чейин Лукашенко Кыргызстандын качкын президентин экстрадиция кылуудан баш тартып келет.

Экс-глава кабинета министров Киргизии Феликс Кулов
Феликс Кулов (2005-2006)

Кыргызстанда төбөсү көрүнүп, бир топ жогорку кызматтарда иштеди. Вице-президент, премьер-министр, ИИМ жана Улуттук коопсуздук министрлигин (УКМ) жетектеди, Бишкек шаарынын мэри жана Чүй облусунун губернатору да болгон.

2000-жылдардын башында УКМде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн сот жети жылга эркинен ажыратты. Андан соң Чүй облусун жетектеп турганда келтирген зыяны үчүн 10 жылга кесүү өкүмү чыккан.

2005-жылы 24-мартта Аскар Акаев бийликтен шыпырылганда Куловду ыңкылапчылар түрмөдөн бошотуп келишти. Андан соң Жогорку сот эки ишти карап, толугу менен актаган. Бакиев президенттикке шайлангандан кийин бир жарым жыл премьер-министрлик тизгин анын колунда болду.

Депутат ЖК 6-го созыва Игорь Чудинов от фракции Бир Бол. Архивное фото
Игорь Чудинов (2007-2009)

Чудинов жогоруда айтып өткөндөй, Бакиевдин иши боюнча соттук иштерге кириптер болду.

Эске салсак, 2015-жылы Башкы прокуратура 2008-жылы үч айыл өкмөтүндөгү айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш ишин козгогон. 262,3 гектар жерди трансформациялоо боюнча өкмөттүн бул токтому мыйзамсыз чыккан. Ал кезде Чудинов премьер-министр эле. 2017-жылдын аягында Октябрь райондук сотунун чечими менен 5 миллион сомдук айыпка жыгылган. Эске сала кетсек, ушул иш боюнча Курманбек жана Жанышбек Бакиевдер өтүп, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Вице-премьер-министр КР Данияр Усенов на заседании в совета ЕС в Брюсселе. 18 июля 2006 года

Данияр Усенов (2009-2010)

Курманбек Бакиевдин акыркы премьери Данияр Усенов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Кыргызстанда Усенов алгач кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк 7-апрелдеги адамдарга ок чыгарган окуя боюнча өмүр бою түрмөгө кесилген. Учурда ал да Белоруссияда коомчулуктун күлкүсүн келтирген жагдайда, тагыраагы, Даниил Урицкий деген фамилия менен жашап жатат.

Андан сырткары, кыргыз өкмөтүн башкарган дагы бир нече адам кылмыш ишинин кылтагына илинип, бирок эркинен ажыратылган эмес.

Экс-премьер-министр КР Николай Танаев на пресс-конференции в Бишкеке (Кыргызстан). 23 августа 2005 года
Николай Танаев (2002-2003)

Николай Танаев тарыхта Акаевдин заманындагы акыркы премьер-министр катары калды. Өкмөттү үч жылча башкарып, 2005-жылдын 24-мартындагы окуядан кийин иштен дароо кеткен. Андан кийин Россиянын Пенза облусунун губернатору Василий Бочкарев менен байланышканда, ага кичи мекенине кайтып келүүнү сунуштаган. Айтмакчы, Танаев Кумтөр кени боюнча коррупцияга шектелип, эки ирет издөө салынган.

Алмазбек Атамбаев (2007 жана 2010-2011)

Премьер-министр Кыргызстана Алмазбек Атамбаев беседует со сторонниками оппозиции перед зданием парламента в центре Бишкека во время голодовки, требующей отставки президента Курманбека Бакиева. , 6 апреля 2007 года

Атамбаев президенттик кызматта турганда жана андан кийинки учурларында жалпысынан беш кылмышка тиешеси бар деп күнөөлөнгөн. Жогорку Кеңеш анын экс-президент макамынан ажыратуу боюнча Башкы прокуратурага сунуш бергенден кийин да күнөөлөр тагылган. Алардын бири кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу болгон (Кылмыш кодексинин «Коррупция» деп аталган 319-беренеси).

Эскерте кетсек, суракка келүүдөн баш тарткан Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет жасалып, бирок тарапташтарынын каршылыгынан улам ишке ашкан эмес. Эртеси, 8-августта, Ички иштер министрлиги операция жүргүзүп, натыйжада Атамбаев багынып берген. Андан кийин 14 иш, анын ичинде Кой-Таштагы окуя боюнча күнөөлөнгөн. Кийин ага дагы бир иш кошулуп, тергөөгө тоскоолдук кылды дешти. Учурда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот жараяны уланууда.

Өмүрбек Бабанов (2011-2012)

Премьер-министр Киргизской Республики Омурбек Бабанов

2017-жылдагы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов экинчи орунга чыгып, бирок Кыргызстандан чыгып кеткен соң саясаттан тыш болорун айткан. Ага карата кылмыш иши козголгон.

Анын бири тилинен таап, президенттик шайлоонун алдында добуш берүүчүлөр менен Оштун Амир-Тимур (Он-Адыр) кичи районунда аңдабай сүйлөп алган сөзү болгон. Экинчиси — бийликти күч жана массалык башаламандык менен басып алуу аракети дешкен. Анткен менен экинчи иш токтотулган.

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаков. Архив
Кыргызстанга кайтып келген Бабанов Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын сурагында «Кыргызстан» банкынын ишине байланышкан маселе менен үч ирет болгон.
Андан соң август айында ал эки ирет суракка алынган. Биринчисинде Амир-Тимурдагы айткандары, ал эми экинчи ирет бир нече кылмыш иштери боюнча экени айтылган. Саясатчы кайсы иштер тууралуу чакырылганын тактаган эмес.
Ал өкмөт башчы кызматынан 2012-жылы аргымак чыры боюнча кеткен. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы Бабановдун түркиялык компания менен түзүлгөн келишимге кол коюп берип, ат белек алганы ачыкталгандан кийин коалициядан чыгып кеткен. Албетте, парламенттик коалициядан башка фракциялар да баш тарткан.

Жантөрө Сатыбалдиев (2012-2014)

2010-жылы Июнь коогасында жабыркаган Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик дирекция түзүлүп, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү озуйпасын аткарган мамдирекцияга Жантөрө Сатыбалдиев жетекчи болгон. 2012-жылдын соңунда Мамкурулуштун курамына кошуу боюнча токтом чыккандыктан 2013 — жылдын башталышы менен мамдирекция жоюлуп, функциялары Мамкурулушка өткөрүлүп берилген.

Жантөрө Сатыбалдиев (солдо) Ош шаарында, 10-март, 2014

2012-жылы өкмөт башчы болуп тандалган Жантөрө Сатыбалдиев, 2014-жылы ал жетектеген дирекция бир катар мыйзамсыз иштерге жол бергени айтылып, бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссия өз корутундусунда дирекция бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнүн айтып чыккан.

Июнь коогасынан кийин үч жылдын ичинде дирекцияга мамлекеттин казынасынан бөлүнгөн каражаттын жана грант, гуманитардык жардам түрүндө келген акчанын жалпы суммасы 11,5 миллиардга жакын сомду түзгөн. Атайын ачылган эсепке келип түшкөн 11,5 миллиард сомдунун 4,6 миллиардынын эле документ жүзүндө көрсөтүп, калган сумманын эсебин көрсөтө алган эмес.  Миллиарддаган сомдун эсеби чыкпай убактылуу өкмөт дирекциянын башчысына вице-премьердикиндей макамын алган, андан кийин премьер-министр болгон Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан кеткен.

Темир Сариев (2015-2016)

Темир Сариев 2015-жылдын май айында өкмөт башчылык милдетин алып, кызматка киришкени менен жыл айланбай ишин тапшырган. Сариевдин кызматтан кетүүсү тууралуу сөз андан бир-эки апта мурда башталып, ордуна келчүлөр да божомолдоно баштаганы маалым. Сариевди Жогорку Кеңештеги комиссия Балыкчы – Корумду жолун оңдоого өткөн тендердеги мыйзамсыз иштерди көзөмөлдөбөгөнү үчүн айыптап, кызматтан алынышын талап кылышкан.

Өкмөт башчы Темир Сариев жана унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев. 2011-жыл

Темир Сариев кылган иштерин санап, өкмөт менен парламент ортосундагы пикир келишпестикти токтотот деген максатта отставкага кетип жатканын, бирок Балыкчы-Корумду жолу боюнча тендерде айыбы жок экенин, депутаттык комиссия бир тараптуу жыйынтык чыгарганын айткан.

Эскерте кетсек, мурдагы унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев кытайлык «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыгын коргоду деп өзүнүн орун басары Улан Уезбаевди жана өкмөт башчы Темир Сариевдин айланасындагыларды айыптап чыккан.

Жалпы чыгымы жети миллиард сомду түзгөн 104 чакырым Бишкек-Корумду жолун оңдоого тендерди жасалма кытайлык компания утту деп Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия изилдеп, өкмөт башчыны кызматтан алуу чечимине келишкен.

Сапар Исаков (2017-2018)

Сапар Исаков, 2017-жылы 25-августта премьер-министр болуп дайындалып, аны парламент толугу менен менен колдогон. Ал учурда Исаков баштаган өкмөт «реформатор-технократтардан куралды» деп сыпатталган. Вице-премьерлик орундарга жана айрым министрликтерге жаштар дайындалган.

Бирок убакыттын алты айга жетпеген учурда өкмөт курамындагы бир топ вице-премьер жана министрлер алмашууга дуушар болгон. Тилекке каршы, кадр маселесин “кадыр” маселесине айландырган Сапар Исаков баштаган өкмөттүн ишин Жогорку Кеңеш канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Андан көп өтпөй, Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча шектүү катары мурунку эки премьер-министр: Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, экс-министр — Осмонбек Артыкбаев жана Айбек Калиев баштаган энергетика тармагынын бакандай беш жетекчиси кармалып, көптөн бери абакта отурат. Кыргызстанда коррупцияга айыпталып, өкмөттү башкарган чоң саясий жетекчилер кармалган.

Тергөө материалдары боюнча, ЖЭБди жаңылоодо убагында «жумурга кеткен» акчалардын жалпы суммасы беш жарым миллиард сомго чукул болуп, бул кылмыш иши боюнча тергөө материалдары 53 томко тигилген.

Ал тургай, Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча келишимди ратификациялаган парламент депутаттарынын жоопкерчилигин кароону да сунуш кылган эле. Алардын арасында президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун да ысымы аталган.

КоронаLIVE
  • USA 1,902,031
    USA
    Жуктургандар: 1,902,031
    Ооруп жаткандар: 1,104,215
    Айыккандар: 688,670
    Каза тапкандар: 109,146
  • Brazil 584,562
    Brazil
    Жуктургандар: 584,562
    Ооруп жаткандар: 285,862
    Айыккандар: 266,132
    Каза тапкандар: 32,568
  • Russia 441,108
    Russia
    Жуктургандар: 441,108
    Ооруп жаткандар: 231,101
    Айыккандар: 204,623
    Каза тапкандар: 5,384
  • Spain 287,406
    Spain
    Жуктургандар: 287,406
    Ооруп жаткандар: 260,278
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 27,128
  • UK 279,856
    UK
    Жуктургандар: 279,856
    Ооруп жаткандар: 240,128
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 39,728
  • Italy 233,836
    Italy
    Жуктургандар: 233,836
    Ооруп жаткандар: 39,297
    Айыккандар: 160,938
    Каза тапкандар: 33,601
  • India 216,919
    India
    Жуктургандар: 216,919
    Ооруп жаткандар: 106,737
    Айыккандар: 104,107
    Каза тапкандар: 6,075
  • Germany 184,425
    Germany
    Жуктургандар: 184,425
    Ооруп жаткандар: 7,926
    Айыккандар: 167,800
    Каза тапкандар: 8,699
  • Peru 178,914
    Peru
    Жуктургандар: 178,914
    Ооруп жаткандар: 101,701
    Айыккандар: 72,319
    Каза тапкандар: 4,894
  • Turkey 166,422
    Turkey
    Жуктургандар: 166,422
    Ооруп жаткандар: 30,961
    Айыккандар: 130,852
    Каза тапкандар: 4,609
  • Iran 160,696
    Iran
    Жуктургандар: 160,696
    Ооруп жаткандар: 27,478
    Айыккандар: 125,206
    Каза тапкандар: 8,012
  • France 151,677
    France
    Жуктургандар: 151,677
    Ооруп жаткандар: 53,201
    Айыккандар: 69,455
    Каза тапкандар: 29,021
  • Chile 113,628
    Chile
    Жуктургандар: 113,628
    Ооруп жаткандар: 21,605
    Айыккандар: 90,748
    Каза тапкандар: 1,275
  • Saudi Arabia 91,182
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 91,182
    Ооруп жаткандар: 22,444
    Айыккандар: 68,159
    Каза тапкандар: 579
  • China 83,022
    China
    Жуктургандар: 83,022
    Ооруп жаткандар: 69
    Айыккандар: 78,319
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 17,891
    Afghanistan
    Жуктургандар: 17,891
    Ооруп жаткандар: 16,051
    Айыккандар: 1,541
    Каза тапкандар: 299
  • Kazakhstan 12,067
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 12,067
    Ооруп жаткандар: 5,779
    Айыккандар: 6,240
    Каза тапкандар: 48
  • Tajikistan 4,191
    Tajikistan
    Жуктургандар: 4,191
    Ооруп жаткандар: 1,796
    Айыккандар: 2,347
    Каза тапкандар: 48
  • Uzbekistan 3,874
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 3,874
    Ооруп жаткандар: 844
    Айыккандар: 3,014
    Каза тапкандар: 16
  • Kyrgyzstan 1,899
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,899
    Ооруп жаткандар: 587
    Айыккандар: 1,292
    Каза тапкандар: 20
Булак
sputnik.kgazattyk.kg
Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close