БийликӨкмөтСаясат
Маанилүү

Абылгазиев: «Чек арадагы чыр-чатактар эч качан кыйкырык-өкүрүк менен чечилбейт…»

Чек арага көңүл бурулбай жатат деген туура эмес. Биздин жумуш күн сайын чек арадагы абал менен таанышуудан башталат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Аскаров Замирбек Марипбаевичтин, ал эми вице-премьер-министрликке Асрандиев Эркин Шамшудиновичдин талапкерлиги каралып жатканда билдирди.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер-министри болуп иштеген, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.

«Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун», — деди ал.

Өкмөт башчы жаңы вице-премьер-министрге каржы-экономикалык маселелер толугу менен жүктөлө турганын айтты.

«Азыр чек ара жана ЕАЭБ маселелери абдан курч турат. Ошондон улам, чек ара боюнча баардык маселелер Жеңиш Разаковго, ал эми экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелер Эркин Асрандиевге жүктөлөт. Кыргызстан бийик тоолуу жана сейсмикалык жактан кооптуу аймакта орун алгандыктан, өзгөчө кырдаалдар жаатында да чечиле турган маселелер арбын. Ал жерге да уюштуруу-чарбачылык тажрыйбасы бар Замирбек Аскаровдун талапкерлиги сунушталып жатат», — деди ал.

Талкуу жүрүшүндө Дастан Бекешев өкмөт башчыга чакан мамлекетке төрт вице-премьер-министр ашыкча болор-болбосу тууралуу собол салды. Премьер-министр аткара турган иштер арбын, чече турган көйгөйлүү маселелер көп болгондуктан, төрт орун басар ашыкча болбой турганын белгиледи.

«Өкмөттө жасай турган жумуштар арбын. Болгону талыкпай таза, иштин көзүн таап иштөө керек», — деп кошумчалады ал.

Депутат Карамат Орозова Өкмөт, андагы жооптуу кызмат адамдары чек арада түзүлгөн кырдаалга жакшылап көңүл бурбай, укук коргоо органдары жарандарды уруп-согуп, айрым адамдарды камап жатканын айтты.

«Чек ара аймагында жашаган адамдарды камабай, тескерисинче аларга колдоо көрсөтүү керек», — деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы чыр-чатактар эч качан кыйкырык-өкүрүк менен чечилбейт, аны сүйлөшүү жолу менен чечүү керек экенин, айрым калк арасын козуткан адамдарга карата түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп, алдыналуу чараларын көрүү зарылдыгын белгиледи.

«Чек арага көңүл бурулбай жатат деген туура эмес. Биздин жумуш күн сайын чек арадагы абал менен таанышуудан башталат. Буга чейин көп жумуштар жасалды, дагы жасалат», — деп кошумчалады премьер-министр.

КоронаLIVE
  • USA 1,924,189
    USA
    Жуктургандар: 1,924,189
    Ооруп жаткандар: 1,101,758
    Айыккандар: 712,252
    Каза тапкандар: 110,179
  • Brazil 615,870
    Brazil
    Жуктургандар: 615,870
    Ооруп жаткандар: 306,834
    Айыккандар: 274,997
    Каза тапкандар: 34,039
  • Russia 441,108
    Russia
    Жуктургандар: 441,108
    Ооруп жаткандар: 231,101
    Айыккандар: 204,623
    Каза тапкандар: 5,384
  • Spain 287,740
    Spain
    Жуктургандар: 287,740
    Ооруп жаткандар: 260,607
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 27,133
  • UK 281,661
    UK
    Жуктургандар: 281,661
    Ооруп жаткандар: 241,757
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 39,904
  • Italy 234,013
    Italy
    Жуктургандар: 234,013
    Ооруп жаткандар: 38,429
    Айыккандар: 161,895
    Каза тапкандар: 33,689
  • India 226,770
    India
    Жуктургандар: 226,770
    Ооруп жаткандар: 110,960
    Айыккандар: 109,462
    Каза тапкандар: 6,348
  • Germany 184,923
    Germany
    Жуктургандар: 184,923
    Ооруп жаткандар: 7,687
    Айыккандар: 168,500
    Каза тапкандар: 8,736
  • Peru 183,198
    Peru
    Жуктургандар: 183,198
    Ооруп жаткандар: 101,939
    Айыккандар: 76,228
    Каза тапкандар: 5,031
  • Turkey 167,410
    Turkey
    Жуктургандар: 167,410
    Ооруп жаткандар: 31,002
    Айыккандар: 131,778
    Каза тапкандар: 4,630
  • Iran 164,270
    Iran
    Жуктургандар: 164,270
    Ооруп жаткандар: 28,714
    Айыккандар: 127,485
    Каза тапкандар: 8,071
  • France 152,444
    France
    Жуктургандар: 152,444
    Ооруп жаткандар: 53,403
    Айыккандар: 69,976
    Каза тапкандар: 29,065
  • Chile 118,292
    Chile
    Жуктургандар: 118,292
    Ооруп жаткандар: 21,305
    Айыккандар: 95,631
    Каза тапкандар: 1,356
  • Saudi Arabia 93,157
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 93,157
    Ооруп жаткандар: 23,581
    Айыккандар: 68,965
    Каза тапкандар: 611
  • China 83,027
    China
    Жуктургандар: 83,027
    Ооруп жаткандар: 66
    Айыккандар: 78,327
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 18,969
    Afghanistan
    Жуктургандар: 18,969
    Ооруп жаткандар: 16,898
    Айыккандар: 1,762
    Каза тапкандар: 309
  • Kazakhstan 12,312
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 12,312
    Ооруп жаткандар: 5,654
    Айыккандар: 6,606
    Каза тапкандар: 52
  • Tajikistan 4,289
    Tajikistan
    Жуктургандар: 4,289
    Ооруп жаткандар: 1,840
    Айыккандар: 2,401
    Каза тапкандар: 48
  • Uzbekistan 3,965
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 3,965
    Ооруп жаткандар: 862
    Айыккандар: 3,087
    Каза тапкандар: 16
  • Kyrgyzstan 1,936
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,936
    Ооруп жаткандар: 574
    Айыккандар: 1,340
    Каза тапкандар: 22
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close