Аналитика
Маанилүү

Депутат өкмөттү мамлекетке келтирилген 5 млрд. сомдук зыян боюнча айыптады

Бүгүн, 20-майда, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев  парламенттин жалпы жыйынында жыштык сатуу боюнча дээрлик 5 млрд сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы жана бул коррупциялык иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдешин талап кылды.

Жанарбек Акаевге келген жашыруун кат, Мамлекеткен келтирилген 5 млрд. сомдук зыян.

Депутат, мындан бир аз убакыт мурун коррупциялык ири ишке шектелип мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Черногубова камалганын, андан кийин, улуттук коопсуздук кызматында башкармалыктын жетекчиси, аны менен кошо дагы бир кызматкер камалганы боюнча маалыматы бар экенин айтты.

Өкмөттүн аппаратынан дагы бул күндөрү сурак берип жатышат. Бул жерде ири сумма тууралуу сөз болууда. Ошондуктан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке катыштыгы жок экенин сөзсүз далилдеши керек. Бул премьер-министрге чоң жардам болот. Эгерде катыштыгы болсо, ал түздөн-түз тез арада жооп бериши керек.- деди Акаев

Ошондой эле, депутат, “Ала ТВ” жакында 200 мегагерц жыштыгы менен кошо Орусиялык “Билайнга” сатылганын. Бирок “Ала ТВ” телевизиондук кабелге гана ыңгайлашкан, ал жердеги жыштык телевидение үчүн гана берилип, бирок мына ушуну “Ала ТВ” “Билайнга” 1 млн 800 миң долларга сатып жатканын айтып, “Билайн” биздин мамлекеттик байланыш агенттиги аркылуу жакында 200 мегагерц жыштыгы менен кошо телевидениеге деп багытталган жыштыкты 4G уюк операторуна интернетке тууралап, аны кайра каттатканын айтты:

Эми ушул жерде чоң маселе болуп жатат. Буга чейин билесиздер, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 мегагерц жыштык 1 млрд 500 миң сомго сатылган же 25 млн долларга. сатылган, аукцион, конкурс менен. Азыркы премьер-министрдин тушунда 200 мегагерц жыштык бекер, 700 сомго кетип жатат.

Бирок ошого карабастан, мыйзамды бузуп, эч кандай аукцион, конкурс кылбай туруп, булар казакстандык компанияга өткөрүп берип жатышат. Бул жерде абдан чоң маселе турат. Ага чейин ошондой эле дагы бир лицензияны башка уюк операторлорго (900 млн долларлык) 1000 сомго сатып жатат. Мен муну ойлоп тапканым жок, бул дагы — мамлекеттик коопсуздук кызматынын каты. Муну 1000 сомго сатып жиберишкен. Ушул жыштыктан бюджет эксперттердин эсебинде, дээрлик 5 млрд сомго зыян тартып жатат. Биз азыр эл аралык институт, финансылык институттардан жалдырап акча сурап жүрөбүз. Бул жерде 5 млрд сом бюджетке түшпөй жатат. 

Мына ушундай маселе бар. Буга чейин алтынды саткан учур болду, жерди, кенди саткан учур болду, бирок азыр дем алып жаткан абаны сатып, акча жасап жаткандар азыркы өкмөттүн тушунда пайда болду. Муну адилеттүү тергөө жасап, биз тандаган өкмөттүн кадамына жоопкерчиликти берүү биздин колубузда турат, — деди депутат Жанарбек Акаев.

Андан сырткары, премьер-министрдин уруксаты жок мындай чоң коррупциялык иш болбой турганын, бүгүндөн калбай күч органдары катуу киришип, өкмөт башчынын бул кылмышка тиешеси барбы-жокпу, тез арада далилдеши керек экенин, ошондой эле, улуттук коопсуздук кызматынан да суранат элем, ошол эле казакстандык ири уюк компаниянын жетекчисинин оң колу келип, премьер-министрге жолукканын айтты депутат.

Мындан мурдараак, байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупцияга шектелип кармалган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган эле.

Өкмөт: М.Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз

Ал эми, өкмөттүн басма сөз кызматы депутат Жанарбек Акаевдин билдирүүсү тууралуу маалымат берди. Анда «депутат Жанар Акаевдин Премьер-министр М. Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз» деп айтылат.

«Биз, иликтөө жүрүп жатканынан кабардарбыз. Өкмөт тергөөнүн жүрүшүнө комментарий бере албайт. Ага укугу жок. Бул тергөөгө басым катары бааланышы ыктымал. Зарыл болгон учурда өкмөт башчысы жана өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин калыс жана ар тараптуу иликтениши үчүн түшүндүрмө берүүгө даяр».

Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков:  Коррупцияга аралашкандар наамына жана кызматына карабастан жазаланышы керек.

Ал эми, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алып, Коррупцияга аралашкан ким болбосун, ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендигине карабастан тийиштүү жазасын алышы керек экендигин айтты.

«Мамлекеттик органдардагы коррупциялык коркунучтардын жаралышына өбөлгө боло турган көрүнүштөрдүн бардыгын толук жок кылганда гана анын азайгандыгы жана мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу кеп кыла алабыз. Антикоррупциялык заманбап механизмдерди ишке киргизүү жана аларды дайыма колдонуу иштери токтоп калбашы керек» деп белгиледи мамлекет башчы.

Булак
Спутник
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button